# 1-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2014 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики"О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/205267)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики"О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/205267); 24.06.2003 [Закон КР от 24 июня 2003 года №112 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О животном мире»](https://aqlex.ai/kg/doc/1236)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003927..1003928>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 1-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-1

---

Жаныбарлар дүйнөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгү - экологиялык тутумдардагы түрлөр ортосундагы жана бир түргө кирүүчү жаныбарлар дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгү: Биотехнология - тирүү организмдерди же алардан өндүрүлгөн организмдерди биологиялык тутумдарда пайдалануу менен байланышкан технология түрү. Түр - тукум куучулук белгилери тукумуна өтө турган, бир-бирине окшоштугу бар жаныбарлар тобу. Жаныбарлар дүйнөсүнүн мамлекеттик мониторинги - жаныбарлардын физикалык абалын, санын, көбөйүшүн, турпатын, жашоо чөйрөсүнүн сапатын бир тартипте көзөмөлгө алган тутум. Генетикалык көрөңгө - генетикалык коддогу тукум куучулук маалымат. Жаныбарлар дүйнөсү - мыйзам менен коргоого алынган табигый эркиндик абалындагы экологиялык, экономикалык жана маданий-саламаттык сактоо иш-аракетин аткаруучу курт-кумурскалар, сойлоочулар, айбанаттар, куштар, балык ж.б. суу жаныбарларын камтыган табияттын объектиси. Кызыл китеп - ага киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин жана козу карындардын биологиясы, таралышы жана жашоо чөйрөсүнүн абалы, аларды сактап калуу, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу боюнча көрүлүп жаткан жана сунушталуучу чаралар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы. Лимит - республиканын мергенчилик кылуучу жерлеринин бардык аймагында же белгилүү бир мергенчилик кылуу жерлеринде белгиленүүчү популяциялардын туруктуу жашоосун жана көбөйүү жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен табигый чөйрөдөн алуу максаттарына карабастан алууга жол берилген айырмаланган түрлөрүнүн чектелген саны. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери - жапайы сүт эмүүчүлөр, куштар, сойлоочулар, кургакта да, сууда жашоочулар, курт-кумурскалар, балыктар, суу жаныбарлары жана өсүшүнүн стадияларындагы (жумурткасы, пилласы, курту, төлү, личинкасы ж.б.) сууда жашоочу омурткасыздар, бул жаныбарлардын бир бөлүгү, дагы башка продукциясы. Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин туруктуу (омоктуу) абалда жан сактоосун жана көбөйтүлүшүн сактоого багытталган иш; Жаныбарлар байырлаган чөйрөнү коргоо - жаныбарлар дүйнөсүнүн үзгүлтүксүз абалда жан сакташына жана көбөйүшүнө зарыл шарттарды сактоого же калыбына келтирүүгө багытталган иш; Аңчылык - олжолоо максатында мергенчилер тарабынан издөөнү, аңдууну, артынан түшүүнү жүзөгө ашыруу процессин жана табигый эркиндик абалындагы, же жарым-жартылай эркин шарттардагы жапайы айбанаттарды жана канаттууларды иш жүзүндө олжолоонун (кармап алуу же атып алуу жолу менен) өзүн билдирген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун түрү. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин керектөө - жаныбарлар дүйнөсүнүн байырлаган чөйрөсүнөн же башка жерден адамдын материалдык же рухий муктаждыктарын канагаттандыруу үчүн же башка жол менен аталган объекттерден пайда табуу. Сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар - табийгый шарттарда өзүн-өзү сактап калгыдай жана сактагыдай сан-эсеби жетишсиз жоголуу коркунучунда турган айбанат түрлөрү. Жаныбарлардын тиричилик аракетинин продукту - байырлаган чөйрөсүнөн чыгаша кылбай туруп, жаныбарлардын коомдун өз муктаждыктарына пайдалануучу тыянагынын тиричилик аракетинин натыйжасы. Жаныбарлардын жашоо чөйрөсү - жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери табийгый эркиндик абалында жашаган табият чөйрөсү; Штамм - микроорганизмдердин же вирустардын так ажыратылган жана жакшы изилденген бир эле түрдөгү башка культуралардан бир катар физиология-биохимиялык касиеттери менен айырмаланган таза культурасы. Эпизоотия - жаныбарлардын бир же көп түрлөрүнүн көптөгөн санында оорунун бир маалда жайылышы. (КР 2003-жылдын 24-июнундагы № 112, 2014-жылдын 13-мартындагы № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-11)
