# Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 21-майындагы № 1/1 "К.О.Бурканованын арызын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 21-майындагы № 1/1 "К.О.Бурканованын арызын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/1
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223789>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-20922/edition/635361/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 21-майындагы № 1/1 "К.О.Бурканованын арызын кароо жөнүндө" токтому (21.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223789

---

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин VIII–(бешинчи шайланган) сессиясы

2013-жылдын 21-майы № 1/1

К.О.Бурканованын арызын кароо жөнүндө

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кайрагач участкасында № 819 контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,37 кайракы жер аянтын башка багытка которуу жөнүндөгү Бурканова Клара Омарбековнанын арызын, айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржай, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссия сынын сунушун карап жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши : ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайрагач айлындагы К.О.Бурканованын женке менчигиндеги № 819 контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,37 га кайракы жер аянтын Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 20-беренесинин шартын эске алып өнөр жайдын категориясына которуу жагы сунушталсын.

2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 8-декабрындагы № 312 токтомунун 6, 36 пункттарынын негизинде Кайрагач айлын дагы К.О.Бурканованын жеке менчигиндеги № 819 контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,37 кайракы жер аянтын өнөр жай багытына которуу боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Кара-Суук райондук шаар курулуш жана архитектура, жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыктарынан - Кайрагач айлындагы К.О.Бурканованын жеке менчигиндеги № 819 контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,37 кайракы жер аянтын өнөр жай багытына которуу боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржай, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы

Б. Жунусов
