# Кыргыз–Ата айылдык кеңешинин 2013-жылдын 7-майындагы № 6-4 "Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга карата экономиканын өнүгүүсүнүн стратегиясын болжолдуу программасын бекитүү жана ветеринардык жабдууларды, перепараттарды алууга акча каражатын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз–Ата айылдык кеңешинин 2013-жылдын 7-майындагы № 6-4 "Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга карата экономиканын өнүгүүсүнүн стратегиясын болжолдуу программасын бекитүү жана ветеринардык жабдууларды, перепараттарды алууга акча каражатын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6-4
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223757>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-20890/edition/633651/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз–Ата айылдык кеңешинин 2013-жылдын 7-майындагы № 6-4 "Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга карата экономиканын өнүгүүсүнүн стратегиясын болжолдуу программасын бекитүү жана ветеринардык жабдууларды, перепараттарды алууга акча каражатын кароо жөнүндө" токтому (07.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223757

---

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы

2013-жылдын 7-майы № 6-4 Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга карата экономиканын өнүгүүсүнүн стратегиясын болжолдуу программасын бекитүү жана ветеринардык жабдууларды, перепараттарды алууга акча каражатын кароо жөнүндө

Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясынын болжолдуу программасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 187-токтомуна ылайык, Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2013-жылдын 6-майындагы № 52-катына негиз ветеринардык жабдууларды, перепараттарды алуу боюнча маселени угуп жана талкуулап, кошумчалар менен Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга айылдык округунун экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясынын болжолдуу программасы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги №187-токтомуна жана Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2013-жылдын 6-майындагы№52-катына негиз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 704-айыл чарба бөлүмүнүн түрдүү чыгымдар статьясынан ветеринарларды колдоо максатында жабдууларды жана перепараттарды сатып алууга76932 сом акча каражатына уруксат берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз-Ата айылдык округуна милдеттендирилсин.

Кыргыз–Ата айылдык кеӊешинин төрагасы

К. Назарбаев
