Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каракол шаардык кеңешинин «Каракол шаарында суутүтүк жана канализация менен пайдалануунун Эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Каракол шаардык Кеңешинин сессиясы
2015-жылдын 12-февралы № 26-30/8 Каракол шаарында суутүтүк жана канализация менен пайдалануунун Эрежелерин бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовдун 2014-жылдын 20-февралындагы кир.№ 01-7/86 катын карап жана талкуулап, унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХ сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарында суутүтүк жана канализация менен пайдалануунун Эрежелери бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты, бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына (Э.А.Айсаракуновго) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык Кеӊешинин төрагасы
А. Абдыкадыров
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2015-жылдын 12-февралындагы № 26-30/8 Токтомуна №1 тиркеме
Каракол шаарында суу түтүк жана канализация менен пайдалануунун
ЭРЕЖЕЛЕРИ
1.Жалпы жоболор
2. Сууну керектѳѳчү объекттерди коммуналдык суу менен камсыздоо жана канализация тутамдарына кошуу.
2.1. Сууну керектѳѳчү объекттерди кошуунун техникалык шарттары жана тартиби.
2.2. Суу керектѳѳчү объектерди Каракол шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясынын борборлоштурулган тутамына башка керектөөчүлөрдүн суу түтүк жана канализациялык тутамдары аркылуу кошуу.
2.3. Убактылуу суу керектѳѳчү объекттерди кошуу.
2.4. Кѳчѳдѳгү суу тараткычтар.
2.5. Ишканаларда (уюмдарда) жана үйлѳрдѳ, алардын ичинде кѳп батирлүү жана менчик үйлѳрдѳ канализация менен пайдалануу тартиби.
3. Суу түтүк жана канализация менен пайдаланууда, тараптардын ѳз ара мамилелери.
4. Ичүүчү сууну жана канализациянын агындарын эсептѳѳчү приборлорду орнотуу жана иштетүү
5. Берилген (алынган) ичүүчү суунун жана канализациянын агынынын кѳлѳмүн эсептѳѳ.
5.1. Ичүүчү суну эсептѳѳ.
5.2. Ичүүчү суу менен сугаруу жана суунун агылышы.
5.3. Канализациялык агындарды эсептѳѳ.
6. Ичүүчү сунуу берүү (алуу жана канализациялык агындарды алуу (түшүрүү) үчүн эсептѳѳлѳр.
7. Ичүүчү сууну берүүнү жана канализациялык агындарды кабыл алууну токтотуунун же чектѳѳнүн тартиби.
8. Суу түтүк жана канализация тутамдарын кайтаруу чаралары.
9.Абоненттин суу түтүк жана канализация түтамдарынын кармоосуна кѳзѳмѳл жүргүзүү.
10. Кѳп квартиралуу үйлѳрдүн ички суу түтүк жана канализация тутамдарын техникалык жактан тейлѳѳ.
11.Ушул эрежелерди бузуу үчүн тараптардын жоопкерчилиги
I.Жалпы жоболор.
1.1.. Каракол шаарында суу түтүк жана канализация менен пайдалануунун ушул эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Атуулдук кодексине, Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө», «Монополдук ишмердүүлүк чектѳѳ,конкуренцияны ѳнүктүрүү жана коргоо жѳнүндѳ», «КРда турак жай фондун приватташтыруу жөнүндө», «Керектѳѳчүлѳрдүн укуктарын коргоо жѳнүндѳ», «Турак жай ээлеринин шериктештиктери жѳнүндѳ» мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын калкына коммуналдык кызматтарды кѳрсѳтүүнүн Эрежелерине», «Кыргыз Республикасында турак үйлѳйрдү, үйлѳргѳ жанаша жер тилкеринин пайдаланануунун, кармоонун типтүү Эрежелерине», «Кыргыз Республикасында долбоорлого, курууга жана кыймылсыз мүлккө өзгөртүүлөрдү киргизүүгѳ уруксат берүүчү документтерди берүүнүн жана бүтүрүлгѳн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жѳнүндѳ Жобого», «Кыргыз Республикасында инженердик-техникалык тутамдарга кошуунун тартиби жана техникалык шарттарды берүүнүн Эрежелерине» жана курулуштук жана санитардык Ченемдерге жана Эрежелерге ылайык иштелип чыкты.
1.2. Эрежелер Каракол шаарында аракеттелет жана ичүүчү суунун керектөөчүлѳрү, алардын ичинде, борборлоштурулган канализациялык тутамды пайдалануучулары жана Каракол шаарынын суу түтүк-канализация чарбасынын ишканасы (мындан ары-«Суутүтүк» КИси ортосундагы мамилелерди жѳндѳйт.
1.3. Бул эрежелерди аткаруу-Суу-Түтүк» КИси үчүн жана ичүүчү сууну керектѳѳчүлѳр жана борборлоштурулган канализациялык тутамды пайдалануучулар, алардын ичинде, уюштуруучу-укуктук формасына, менчик формасына карабастан, ишканалар, мекемелер, менчик жана кѳп квартиралуу үйлѳрдѳ жашаган атуулдар үчүн милдеттүү. «Суу-түтүк» КИси абоненттерге ичүүчү суунун коопсуздугуна менчик же балансылык тийиштик чегинде кепилдик берет. Абоненттер тарабынан суу менен камсыздоо жана канализация тутамдарын эксплуатациялоодо жана пайдаланууда бекитилген техникалык талаптарды сактабагандык - ичүүчү суунун сапатын тѳмѳндѳтүүгѳ, агын сууларды тазалоонун технологиялык процесстерин бузууга жана суу көлмөлөрүнүн булгаланышына алып келиши мүмкүн.
1.4. Ушул Эрежелерде пайдаланылган негизги терминдер жана аныктамалар: абонент-«Суу-түтүктүн» суутүтүк-канализациялык тутамдарына кошулган, аны менен (суутүтүк-канализациялык тутамдар боюнча), менчик же баланстык тийиштик белгиси боюнча бѳлүү чеги жана бекитилген тартипте түзүлгѳн, суу менен камсыздоого жана агындарды түшүрүүгѳ келишими бар керектѳѳчү. Керектѳѳчүлөр-тиричилик жана ѳндүрүштүк болушу мүмкүн. Тиричилик керектѳѳчүлѳргѳ-ѳзүнүн тиричилик муктаждыктары үчүн суутүтүк жана канализация менен, пайдаланган атуулдар кирет. Ѳндүрүштүк керектѳѳчүлѳргѳ баардык калган керектѳѳчүлѳр кирет, алардын ичинде-ишмердүүлүк менен алектенген,(анын ичинде юридикалык жакты түзбѳстѳн) жана ишмердүүлүгүндѳ ичичүү сууну пайдалангандар;
авария-суу менен камсыздоо, канализация системасынын же ѳзүнчѳ курулмалардын, жабдуулардын бузулушунун, иштен чыгышынын кесепетинен сууну керектѳѳнү, агындарды кабыл алууну токтотууга же кескин түрдѳ ичүүчү суунун сапатын кыскартууга, тѳмѳндѳтүүгѳ же курчап турган чѳйрѳгѳ, юридикалык же физикалык жактардын мүлкүнѳ зыян келтирүүгѳ алып келген ситуация; желдетүүчү стояк -канлизациялык тутамды желдетүүчү түтүкчѳ; үй ичиндеги (ички) тутамдар- имараттын ичинде жайгашкан жана ичичүү сууну керектѳѳ приборлоруна берүүнү жана агындарды имараттын сыртына, сырттагы биринчи квартал ичиндеги же короодогу кудукка чейин чыгарууну камсыз кылган суутүтүк-канализация тутамдары; суу ѳлчѳөчү түйүн-пайдаланылган ичичүү суунун кѳлѳмүн эсептѳѳгө керектелген технологиялык бириктирилген элементтердин (суу ѳлчѳгүч, вентилдер, суутүтүктүн тилкелери) камтыган комплекс; квартал ичиндеги (аянт ичиндеги тутам)-суутүтүк боюнча: квартал ичиндеги суу өткөргүчтөргө жанаша салынган түтүктѳр тутамы; канализация боюнча: квартал же аянтча ичинде салынган, канализациянын ѳзүнчө имараттардан чыгыштарын бириктирген түтүктѳр тутамы; суу-түтүк тутамы - абоненттерди (субабоненттерди) суу менен камсыздоодо пайдаланган түтүк ѳткѳргүчтѳрдүн жана алардын үстүндѳгү курулмалардын системасы; суу менен камсыздоо жана канализация тутамдарына кошуу үчүн суу түтүк жана канализация түзүмдөрү жана курулмалары (суутүтүк кирүүсү же канализация чыгуусу)- абонент суу менен камсыздоо системасынан сууну алуучу же канализация системасына агындарды тушүрүүчү түзүмдөр жана курулмалар; сууну керектѳѳ-абоненттин (субабоненттин) ѳз муктаждыктары үчүн сууну керектѳѳсү; суу менен камсыздоо-сууну алып, даярдап, транспортировкалап жана абонентке ичүүчү сууну берүүнү камсыз кылган технологиялык процесс; сууну чыгаруу-абоненттерден агын сууларды алууну, аларды канализациянын тазалоочу курулмаларына жеткирүүнү камсыз кылуучу процесс; менчик же баланстык таандык чеги- суу менен камсыздоо же канализация тутамдарынын элементтерин жана курулмаларын ээлер ортосунда, менчик, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу белгилери боюнча бѳлүү сызыгы; эксплуатациялык жоопкерчилик чеги- суу менен камсыздоо жана канализация системаларынын (суутүтүк жана канализация тутамдарынын жана алардагы курулмалардын) элементтерин, эксплуатация жана техникалык тейлѳѳ милдеттеринин белгиси боюнча (жоопкерчилининин) бѳлүүнүн сызыгы; эксплуатациялык жоопкерчилик зонасы - үй ичиндеги (ички) суутүтүк-канализациялык тутамдын, менчик (баланстык таандык) чегинин жана эксплуатациялык жоопкерчилик чегинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык аныкталган жана келишимде кѳргѳзүлгѳн бѳлүгү; канализациялып тутам -агын сууларды жыйноо, чыгаруу үчүн курулган түтүк ѳткѳргүчтөрдүн, коллекторлордун, каналдардын жана алар үстүндѳгү курулмалардын системасы; локалдуу тазалоочу курулмалар -абоненттин (субабоненттин) агын сууларын аларды канализация системасына түшүрүү (кабыл алуу) алдында тазалачу курулмалар; сууну керектѳѳнүн (сууну чыгаруунун) лимити-жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан абонентке ичүүчү суунун жана кабыл алынуучу агын суунун белгилүү убакытка чектелген кѳлѳмү; агын сууларды кабыл алуунун ченемдери -жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары бекиткен агын сууну чыгаруунун ченемдери, агын суулардын кѳлѳмүнүн, курманын канализацияга кабыл алуунун, анын нормалдуу иштешин камсыз кылуучу ченемдер; ичичүү суу -чарбалыкка, ичүүгѳ, коммуналдык-тиричилик, максаттарга пайдалануу үчүн санитардык эрежелер, ченемдер менен бекитилген стандарттарга гигиеналык талактарга жооп берген суу. Ичүүчү суу-стратегиялык, практикалык жана экономикалык мааниге ээ. Ал-товар; кошу үчүн түзүмдүн же курулманын ѳткѳрүүчү жѳндѳмү- суутүтүк кирүүнүсүнүн (канализациялык чыгаруунун), суунун (агындын) эсептелген кѳлѳмүн, берилген режимде, аныкталган убакыттын ичинде ѳткѳрүү мүмкүнчүлүгү; суудагы заттардын чектелген концентрациясы-кѳлмѳ суусундагы зыяндуу заттын, ал сууну аныкталган убакыттын ичинде пайдалануу, адамдын ден соолугуна, айбанаттарга, ѳсүмдүктѳргѳ терс таасирин тийгизбѳѳчү кѳлѳмү; заттардын түшүрүүгѳ мүмкүн көлөмү- агын суудагы заттардын белгилнеген режимде, суу объектисинин белгилүү пунктунда, белгилүү убакытта кабыл алууга максималдуу ѳлчѳмдѳ уруксат кылынган, кѳзѳмѳл пунктунда суунун сапатынын ченемин камсыз кылуучу массасы; профилактикалык кароо -суутүтүк-канализация системасын системалуу түрдѳ кароодон ѳткѳрүү, анын техникалык абалын, элементтеринин иш жѳндѳмүн текшерүү жана берилүүчү ичүүчү суунун параметрлерин (сантехникалык приборлордо басымды жана чыгымды) текшерүү, тутамдардагы майда бузуктарды жоюу. Абонентке таандык тутамдарды, курулмаларды кароо жана бузуктарды жойуга кѳрсѳтмѳлѳрдү берүү; уруксат берүү документациясы- суу менен камсыздоо (канализация) системаларына кошулуу үчүн жергиликту ѳз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик санитардык-эпидемиалогиялык кѳзѳмѳлдүн жергилиптүү кызматтары менен макулдашылган уруксаты жана «Суу-Түтүк» КИсинин кошулуу үчүн берилген техникалык шарттары; суутүтүк жана канализация тутамдарына ѳзүм билемдик менен кошулуу- уруксат берүүчү документациясыз же техникалык шарттарды бузу менен кошулуу; ѳзүм билемдик менен пайдалануу- суу менен камсыздоо жана канализация тутамдары менен сууну берүү (алуу) жана агын сууларды түшүрүү (кабыл алуу) келишими жок пайдалануу; сууну лимиттен тышкары пайдалануу- абонент чарбага, ичкенге, ѳндүрүштүк муктаждыктарга бекитилген лимиттен тышкары пайдаланган суунун кѳлѳмү; сервитут- адамдын башка адамдын пайдалануусундагы жер тилкесин чектүү максаттуу түрдѳ пайдаланууга укугу; агын суулардын курамы- булгаачу заттардын жана алардын концентрациясын камтыган агын суулардын мүнѳздѳмѳсү; ѳлчѳѳчү каражат (прибор)- пайдалануучу суунун жана түшүрүлгѳн агын суулардын кѳлѳмүн ѳлчѳѳчү, ченемделген метрологиялык мүнѳздѳмѳлѳрү бар, техникалык каражат; агын суулар -адамдын чарбалык (тиричилик агын суулар), ишканалардын, мекемелердин ишмердүүлүнүн натыйжасында пайда болгон, керектелүүчү суунун булагына карабастан (ичүүчү, техникалык, ысык суу менен камсыздоо, жылуулук берүүчү мекемелердин буусу) пайда болгон суулар; субабонент -«Суу-түтүк» КИсинин менен сууну алууга, агын сууларды ишкананын канализациясына түшүрүүгѳ келишим түзгѳн жана сууну «Суу-түтүк» ишканасынан абоненттин тутамы аркылуу алуучу жана агындарды ишкананын же абоненттин канализациялык тутамына түшүргѳн керектѳѳчү; тейлѳѳ- профилактикалык кароонун жыйтынтыгы боюнча жүргүзүлгѳн, суутүтүк-канализация тутамдарынын жана түзүмдѳрүн техникалык жактан ишке жарамдуу абалында кармоого багытталган инженердик-техникалык чаралардын, ѳзүнѳ бекитүүчү-регуляциялоочу арматураны, эсептөөчү приборлорду ревизиялоону (же алмаштырууну), суутүтүктүн тилкелерин алмаштырууну, суутүтүк-канализация кошулууларындагы суунун агылыштарын жоюуну камтыган комплекси; техникалык шарттар- суутүтүк-канализация тутамына кошулуу чекитин, кошулууга уруксат берилген куруу (реконструкция, профильди ѳзгѳртүү, пландалышын ѳзгѳртүү) объектин инженердик - техникалык тутамдарга кошуу үчүн аткарыла турган негизги параметрлер жана талаптар, алар арыз ээсине, техникалык шарттардын аракеттик, мѳѳнѳтүндѳ суутүтүк-канализация тутамдарына, курулмаларына кошулууну кепил кылат; үйлордүн ички суутүтүк-канализация тутамдарын техникалык тейлѳѳ- ѳзүнѳ профилактикалык кароону, үйлѳрдүн ички суутүтүк-канализация тутамдарынын жабдууларын учурдагы жана авариялык тейлѳѳсүн камтыган чаралардын комплекси; кошулуу чекити- куруу объектине же жер тилкесине эң жакынкы суутүтүк жана (же) канализация тутамдарына объектти кошулууга уруксат берилген чыналууну камсыз кылуучу түзүмдѳр жана курулмалар менен кошулуу жери; кѳчѳдѳгү суу тараткыч (колонка)- ичүүчү сууну түз эле суутүтүк тутамынан алдыруучу «Суу-түтүк» ишканасына таандык түзүм; шарттуу таза суулар- жаандан, кардын эришинен пайда болгон суулар; борборлоштурулган суу менен камсыз кылуу системасы- ичүүчү сууну алып, даярдап, жеткирип жана абоненттерге берүүчү инженердик курулмалардын комплекси; борболоштурулган канализация системасы- абоненттерден (субабоненттерден) агын сууларды жыйноо, тазалоо, аларды суу объектилерине жеткирүү жана агындардын тундурмаларын иштетүүгѳ курулган инженердик курулмалар комплекси;
1.5. Суутүтүк-канализация тутамдарында менчиктин же балансылык таандык чеги тѳмѳнкудѳй бекитилет:
1.5.1. Менчиктин түрүнѳ карабастан кѳп квартиралуу үйлѳр үчүн (ведомстволорго жана турак-жай курулуш кооперативдерге таандык үйлѳрдѳн башкасы)- суутүтүк боюнча-суу ѳлчѳѳчү түйүн, суу ѳлчѳѳчү түйүн-«Суутүтүк» ишканасынын менчиги. Суу ѳлчѳѳчү түйүн болбосо, менчик чеги үйдүн фундаментинин сырткы тамы боюнча;- канализацияныкы болсо-үйгѳ жакынкы, конализациялык чыгуулары бар, биринчи канализациялык кудуктар. Канализация кудуктары- «Суутүтүктүн» менчиги.
1.5.2. Ведомстволорго, турак жай курулуш кооперативдерге таандык үйлѳрдүкү- сырткы суутүтүк-канализация түтамдарын ѳткѳрүп берүү актысына ылайык, ал болбосо-үйдү (үйлѳрдү) шаардын суутүтүк-канализация тутамдарына кошуулуу чекити боюнча;
1.5.3. Менчик үйлѳр үчүн - суутүтүк тутамына кошулуу жери боюнча, канализация кудугунда кошулуу жери боюнча. Кошулуу жерден тартып, суутүтүктѳрү жана бекитүүчү, регуляция кылуучу арматурасы менен кудуктар-абоненттин менчиги.
1.5.4. Суу менен камсыздоо жана канализациянын борборлоштурулган системаларынын калган керектѳѳчүлѳрү үчүн- объекттин (ишкананын, имараттын, курулманын) суу, канализация тутамын эксплуатацияга кабыл алуу актысы боюнча;
1.6. Ичүүчү суу менен камсыз кылууда пайдаланган жер астындагы суулардын булганылышын болтурбоо үчүн, Каракол шаарынын аймагында тереңдиги 30 метрден ашкан скважиналарды бургулоого, пайдаланууга тыюу салынат.
1.7. Коммуналдык канализация системасына алып кетүү жана тазалоо үчүн ѳндүрүштүк ишканалар түшүрүлгөн агындар ПДК жана ПДСтин талаптарына жооп берүүгѳ тийиш. Агындар көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербесе, алар локалдуу тазалоо курулмаларда тазаланышы зарыл.
Ѳндүрүштүк агындарды шаардын канализациясына кабыл алуу – «Суутүтүк» КИсинин уруксаты жана абоненттер ѳндүрүштүн агындарды Каракол шаарынын канализациясына кабыл алуу Эрежелерин аткаруу шартында болушу мүмкүн.
1.8. Жер иштери суутүтүк-канализация тутамдарына жакын жүргүзүлгѳндѳ, иштерди жүргүзүүчү аларды аста аткарып, тутамдардын, курулмалардын сакталышына кепил бериши керек. Иштерди жүргүзүүчү курулуп жаткан объектин ээсинин ыйгарымдуу ѳкүлү «Суутүтүк» КИсин объект курула баштаганы жѳнүндѳ маалымдашы керек жана иштер башталарынан эки күн мурун «Суутүтүктүн» КИсинин ѳкүлүн жер алдындагы коммуникацияларды кѳрсѳтүү үчүн чакырышы керек.
1.9. Суутүтүктү ѳчүрүүнү талап кылган жумуштар, «Суутүтүк» КИси берген убакытта жүргүзүлүш керек..
2. Сууну керектѳѳчү объекттерди коммуналдык суу менен камсыздоо жана канализация тутамдарына кошуу.
2.1. Сууну керектѳѳчү объекттерди кошуунун техникалык шарттары жана тартиби.
2.1.1. Борборлаштурурулган суу менен камсыздоо жана канализация системасына кошулууга техникалык шарттар архитектура органынын бекитилген үлгүдѳгү Кыргыз Республикасынын өкмѳтүнүн 2009-жылдын 10 февралындагы № 100 «Кыргыз Республикасында инженердик-техникалык камсыздоо тутамдарына кошулуунун техникалык шарттарын берүүнүн жана тартибинин Эрежелерин бекитүү жѳнүндѳ» токтомунда каралган параметрлерди кѳрсѳткѳн суратмасынын негизинде берилет.
«Суу-Түтүк» КИси арыз ээсинен суратма келгенден кийин 10 күндүн ичинде, техникалык шарттарды, объектти суутүтүк жана же канализация тутамына кошуу үчүн тѳлѳмдү аныктап арыз ээсине берет же болбосо, техникалык шарттардын берилбей турганын түшүндүрѳт. Техникалык шарттарды берүүнүн мѳѳнѳттѳрү бузулса, Суутүтүктүк» КИсинин кызмат адамдары жооп тартышат, кечиктирилген ар бир күн үчүн техникалык шарттардын баасынын 0,5% ѳлчѳмүндѳ айып пул тѳлѳшѳт,. Эгерде суратылган кубаттулуктар болгон шарттарга, регламенттерге дал келбесе, «Суу-Түтүк» КИси 3 күндүн ичинде суратылган кубаттулуктар дал келбегени, анын себебин кѳрсѳткѳн корутундуну берет.
2.1.2. Кошулуу үчүн техникалык шарттар 2 жылга берилет, алардын аракетинин мѳѳнѳтү 1жылга узартылышы мүмкүн, Келишим түзүлгѳндѳн жана объект суутүтүк-канализация тутамдарына кошулгандан тартып, техникалык шарттардын аракети токтолот.
Кыргыз Республикасынын майзамдуулугунун талаптарына ылайык, техникалык шарттар акы үчүн берилет. Аны антимополдук орган менен макулдашып, шаардык депутаттар кеңеши бекитет.
2.1.3. Техникалык шарттарды албай туруп жана бекитилген тартипте кошулууга келишимди түзбѳстѳн, объекттин суутүтүк-канализация тутамдарына ѳзүм билемдик менен кошулушуна жол берилбейт.
Объектти суутүтүк-канализация тутамдарына жана курулмаларына кошуу-кошуу жѳнүндѳгү жана инженердик техникалык камсыздоо тутамдарын техникалык жактан тейлөө боюнча келишимге кол коюлган күндѳн тартып, менчик жана балансылык таандык чегинин бекитилгенине ылайык, жүргүзүлѳт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунун талаптарына ылайык, объектти суутүтүк-канализация тутамдарына жана курулмаларына кошуу - акы тѳлѳѳ негизинде жүргүзүлѳт. Бааны антимонополдук орган менен макулдашып, шаардык депутаттар кеңеши бекитет.
2.1.4. «Суу-Түтүк» КИси объекттерди борборлоштурулган суу менен камсыздоо системасына кошулууга уруксаатты, агындарды борборлоштурулган канализация системасына түшүрүү шартында гана выгребтерди түзүүгѳ жана пайдаланууга тыйуу салынат. Адаттан тышкары учурда, объекттин суткага суу керектөө кѳлѳмү 1 м3 тан ашпаса, ал инженердин инфраструктурасы ѳнүкпѳгѳн райондо, борборлоштурулган канализация системасынан 100 метрден ашык алыста жайгашса, ага герметикалык выгребти сѳзсүз түрдѳ МСЭКБ менен макулдашылган курууга уруксат берилет. Бул учурда агындар сѳзсүз атайын жабдууланган тѳгүү станциясына ташылыш керек. Ал жерде кабыл алынган агындардын кѳлѳмү белгиленип турат. Агындар ѳз убагында толук кѳлѳмдѳ ташылыш керек жана шаарды суу чыгаруу системасына кабыл алуу ченемдерине ылайык болуулары зарыл.
Курулган суутүтүк жана канализация тутамдарын аракеттеги коммуналдык суу менен камсыздоо, канализация системаларына кошууну «Суу-Түтүк» же буюрмагы (курулуш уюму, куруучу) «Суутүтүктүн» ѳкүлүнүн кѳзѳмѳлү астында жүргүзѳт. Керектѳѳчүгѳ менчик катары таандык суутүтүктүн киргизүүлѳрүн кошуу жана аларды жууш, канализациялык чыгууларды кошуу-керектѳѳчүнүн эсебинен жүргүзүлөт, эгерде кошулууну керектөөчү өзү жасаса.
2.1.5. Курулуш (реконструкция, профильди ѳзгѳртүү, пландоосун өзгөртүү), объектисин суутүтүк жана канализация тутамдарына кошуу үчүн, арызгер суутүтүк жана канализация тутамдарын эксплуатация кылган уюмга тѳмѳнкүлѳрдү тиркеп, арыз жазат:
- суутүтүк жана канализация тутамдарына кошулуу үчүн техникалык шарттар, долбоордук документация жана аткаруучу чийимдер (жер жумуштарынын чийимдери);
- суутүтүктѳрдүн бышыктыгын, бүтүндүгүн текшерген гидравликалык сыноонун актысы;
- аракеттеги санитардык эрежелер жана ченемдерге ичүүчү суу. Борборлоштурулган суу менен камсыздоо системаларынын суусуна гигиеналык талаптар. Сапатты кѳзѳмѳлдѳѳгө ылайык, шаардык МСЭКБнун бактериалогиялык талдоонун маалымдамасы;
- юридикалык жактар үчүн-уставдын, юридикалык жакты каттоонун кѳчүрмѳлѳрү, арызга кол койгон адамдын ыйгарымдарын тастыктаган документтер;
- физикалык жактар үчүн-паспорттун кѳчүрмѳсү;
- суу түтүк, канализация тутамына кошулуу үчүн акынын тѳлѳнүшүн тастыктаган документ.
Бул документтер объектти суутүтүк жана канализацинын сырткы тутамдарына кошулганы жѳнүндѳ тастыктоону берүү үчүн жана келишимди түзүүгѳ керек. Аз кабаттуу үйлѳрдүн жана кѳп квартиралуу үйлѳрдүн сырткы суутүтүк жана канализации тутамдары, түзүмдѳрү курулмалары Каракол шаарынын муниципалдык менчигине акысыз, КР Ѳкмѳтүнүн же жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча, берилиши мүмкүн.
2.1.6. Суутүтүк түзүмдѳрүнүн, курулмаларынын ээси суу менен камсыздоо системасына кошулуу үчүн, аларды эксплуатацияга бергиче, «Суу-Түтүк» КИсинин ѳкүлүнүн катышуусунда, алардын жуулушун, дезинфекцияланышын камсыз кылат. Бул иштер суунун анализдери санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бергиче жасалат. Бул жөнүндѳ тиешелүү актылар түзүлѳт.
2.1.7. Жаңы курулган же реконструкцияланган суутүтүк түзүмдѳрүнѳ, курулмаларына ичүүчү суу «Суутүтүк» КИси менен объектиге ичүүчү сууну берүү жана агындарды кабыл алуу жѳнүндѳ келишим болгондо жаны мурдагы карыздар тѳлѳнгѳндѳ гана жүргүзүлѳт.
2.1.8. Сууну керектѳѳчү объекттерди борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана канализация системасына ичүүчү сууну эсептѳѳчү приборлорлорду орнотпостон кошууга тыйуу салынат.
2.1.9. Ичүүчү сууну абонентке берүү маселеси оң чечилсе, «суутүтүк» КИси абонентке суутүтүктѳн сууну керектѳѳгѳ жана агындарды канализацияга түшүрүүгѳ лимиттерди койууга тийиш.
Объект эксплуатацияга берилгенден кийин сууну керектѳѳ жогоруласа, лимиттен жогору керектелген суунун кошумча акысы үч, алты айдан кийин орто көрсөткүч боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Алты айдан кийин сууну керектѳѳ өссө, техникалык шарттар үчүн акы тѳлѳнбѳйт. Бул учурда техникалык шарттардын буюрмасы техникалык шарттарда каралган сууну керектѳѳнүн лимитинен тышкаркы пайдалануусу үчүн акыны, «Суу-Түтүк» КИсинен эсеп келгенден кийин 10 күндүн ичинде тѳлѳшү керек. Эгерде тѳлѳбѳсѳ, техникалык шарттардын буюртмачысы лимиттен тышкаркы керектѳѳнүн баасынын күнүгѳ 0,3% кѳлѳмүндѳ айып пул тѳлѳйт.
2.2. Сууну керектѳѳ объектилерин борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана канализация системаларына башка керектѳѳчүлѳрдүн суу түтүк-канализация тутамдары аркылуу.
2.2.1. Сууну керектѳѳ объектилерин борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана канализация системаларына башкы абоненттердин суутүтүк-канализация тутамдары алардын жазуу түрүндѳгү макулдугу (ыктыярдуу же мажбур болгон сервитутту бекитүү), суу менен камсыздоо жана сууну чыгарып кетүүнүн нормалдуу режими сакталыш шартында жана субабоненттин «суутүтүк» КИсы менен келишими болсо, мүмкүн.
2.2.2. «Суу-Түтүк» КИ жазуу түрүндѳгү макулдугу болбосо, абоненттин субабонентке сууну берүүнү, агындарды кабыл алууну токтотконго укугу жок.
2.2.3. Менчик ээсинин аймагында суутүтүк же канализациянын линияларын ѳткѳрүү-аны менен ыктыярдуу же мажбурдуу сервитут түзүү жана ѳткѳрүү долбоору «Суу-Түтүк» КИ менен макулдашылганда гана мүмкүн, суутүтүк же канализация линияларын ѳткѳрүү боюнча жумуштар жана аймактын абаттоосун калыбына келтирүү-кызыктар тараптын эсебинен жүргүзүлѳт.
2.3. Сууну керектѳѳчү убактылуу объекттерди кошуу.
2.3.1. Суу менен камсыздоо жана канализациянын борборлоштурулган системасына убактылуу (сезондук) сууну керектѳѳчү объекттерди (жайкы күркѳөлѳрдү, газдалган сууну сатуучу автоматтарды жана башка соода курулмаларын) кошу «Суу-Түтүк» КИси менен макулдашылган мэриянын жана архитектуранын уруксаат берүүчү документтеринин негизинде гана жүргүзүлѳт.
2.3.2. Убактылуу (сезондуу) объекттердин ээлерине берилген уруксаат берүү документтерде, мындай объекттердин суутүтүк, канализация системаларына кошулуу мѳѳнѳтү кѳрсѳтүлѳт. Мѳѳнѳтү бүткѳндѳ, уруксаат жаңыртылыш керек. Болбосо, объект борборлоштурулган суутүтүк, канализация тутамдарынан кесилет.
2.3.3. Убактылуу (сезондуу) суу керектѳѳчү объекттерди сууну таратуучу колонкаларга жана ѳрт ѳчүрүү гидранттарына кошууга тыйуу салынат.
2.3.4. Убактылуу (сезондуу)объекттерге суу берүүчү имараттардын сыртындагы түтүктѳр жер алдында ѳткѳрүлүшү керек. Түтүктѳрдү ачык ѳткѳрүү жана арыктардын, лотоктордун ичи менен ѳткѳрүүгѳ тыюу салынат.
Убактылуу суутүтүктѳрүн шаардын магистралына кошуу, «Суутүтүк» КИсы же объекттин ээси тарабынан, «Суу-Түтүктүн» техникалык кѳзѳмѳлү астында гана, ѳтүнүч түшкѳндѳн кийин 10 күндүн ичинде, объект анын ээсинин эсебинен кошууга даяр шартында жүргүзүлѳт. Бул шарт «Суутүтүктүн» ѳкүлдѳрү тарабынан сакталбаса, «Суу-Түтүк» КИсына карата техникалык шарттын баасынан 0,5 % ѳлчѳмүндѳ, ар бир кечиктирилген күн үчүн айып пул каралат.
2.3.5. Аталган объекттерге убактылуу түтүктѳрдү орнотуу, эксплуатациялоо кызыкдар тараптардын күчү жана каражаты менен жүргүзүлѳт.
2.4. Кѳчѳдѳгү суу тараткычтар.
2.4.1. Кѳчѳдѳгү суу тараткычтар (суу таратуучу колонкалар) аз кабаттуу курулуштар кварталдарында, суутүтүктүн үйлѳргѳ кирүүлѳрү жок болсо орнотулат жана сууну кол менен ташууга ырасталган. Кѳчѳдѳгү суу тараткычтарды «Суутүтүк» орнотот, анын уруксааты болсо-абоненттер.
2.4.2. Суу таратуучу колонкаларды орнотуунун ордун «Суу-Түтүк» КИси аныктайт жана мында эски суутүтүк тутамдарында колонкалардын аракеттенүү радиусу 150мден ашпоо керек, ал эми жаңыдан ишке киргизилип жаткандарда, 04.02.1984ж. КЧжЭ2ге ылайык,-100м.
2.4.3. Менчигинде (ээлигинде) суу таратуучу колонкалары бар абонент (ишкана, мекеме, уюм), жакын жерде жашаган тургундарга сууну пайдалануу укугун берүүгѳ тийиш.
Бул талап аткарылбаса, «Суу-Түтүк» КИси кошулуу чекитин ошол замат ѳчүрѳт.
2.4.4. Суу таратуучу колонкалардын жанында идиш, кир килем буюмдарын, жууганга, чайкаганга, автомашиналарды, үй жаныбарларын жууганга, шлангтарды, түтүктѳрдү кошууга жана башка, санитардык-техникалык талаптарга каршы аракеттерди жасоого тыюу салынат. Мындай аракеттерге жол бергендер, административдик жоопкерчиликке тартылышат.
2.4.5. Суу таратуучу колонкалардын бузулушу жѳнүндѳ ошол замат «Суу-Түтүк» КИсине билдирүү керек.
2.4.6. Суу таратуучу колонкаларды оңдоо алардын ээлери тарабынан жүргүзүлѳт.
2.4.7. Сууну суу таратуучу колонкалардан алып пайдалануучу атуулдар, жашаган жерине чейинки аралыкка карабастан, суунун акысын аракеттеги ченемдерге ылайык тѳлѳшѳт. Эч ким сууну пайдаланганы үчүн акыдан бошотулбайт.
2.5. Ишканаларда (уюмдарда), үйлѳрдѳ, алардын ичинде кѳп квартиралуу жана жеке үйлѳрдѳ канализацияны пайдалануу тартиби.
2.5.1. Канализациянын борборлоштурулган тутамы аркылуу баардык чарбалык-тиричилик жана ѳндүрүштүк агындар чыгарылышы керек. Шарттуу таза суулар канализацияга «Суу-Түтүк» КИсинин ѳзгѳчѳ уруксааты менен, шаардын канализация тутамына жана тазалоо курулмаларына жүк келүүнү эсепке алуу менен түшүрүлүшү мүмкүн.
2.5.2. Канализация тутамынын, тазалоо курулмаларынын иштен чыгышын, бузулушун алдын алуу максатында, абонентке канализацияга тѳмѳнкүлѳрдү түшүрүүгѳ тыюу салынат:
-таштандыны, күлдү, топуракты, кебезди, чүпүрѳктү, саманды, чырпыкты, карды музду;
- майдаланбаган катуу тиричилик калдыктарын;
- курамында бензин, эфир, жана башка, жарылуучу кошулма түзүүчү башка заттар бар сууну;
- жер алдындагы, шарттуу таза, жаандын, кардын сууларын, ѳндүрүштүк ишканалардын сууларын, эгерде алардын курамы канализацияны тейлеген жумушчулардын ден-соолугуна зыян келтире турган болсо жана агындарды транспорттоого, аларды тазалоонун технологиясын буза турган болсо.
2.5.3. «Суутүтүк» КИси агын суулар менен катуу калдыктар жана башка түшүрүүгѳ тыюу салынган заттар түшкѳнүн текшерүү үчүн, 10 күндѳн ашпаган убакытка, кѳзѳмѳлдѳѳ кудугунун чыгуусуна торчону орнотуусу мүмкүн.
2.5.4. «Суутүтүк» КИсинин кѳрсѳтмѳсү боюнча, абонент жер үстүндѳгү сууларды канализациянын текшерүү кудуктарынан четтетип, жакынкы жаан-чачындын сууларын кабылдагычына жеткирүүгѳ же болбосо жаан-чачындык канализацияны түзүүгѳ милдеттүү.
2.5.5. Канализациялык тутамдын аянт (квартал) ичиндеги кудуктар дайыма карап турууга мүмкүн болушу керек. Топурактан, кардан, курулуш таштандыларынан бош болуулары керек. Кудуктардын орду аралыктар метр менен кѳрсѳтүлгѳн табличкалар менен белгиленет. Кудуктарды жакшы жабылбаган же сынган капкактар менен калтырууга болбойт. Кудуктардын люктарынын жоголгон же сынган капкактарын кудуктардын ээлери калыбына келтиришет.
2.5.6. «Суу-Түтүк» КИсинин жумушчуларынан башкаларга кудуктарды ачууга, ичине түшүүгѳ тыюу салынат.
2.5.7. «Суу-Түтүк» КИсынын уруксаатысыз (макулдугусуз) аянт (квартал) ичиндеги канализациянын кудуктарын ѳзгѳртүп түзүүгѳ (реконструкциялоого) тыюу салынат.
2.5.8. Сууну чыгарып кетүүсү ѳнүкпѳгѳн райондордо шаардын инфраструктурасы ѳнүккѳн сайын, «Суу-Түтүк» КИси сууну керектѳѳчү ээлерди, объекттерди борборлоштурулган канализациянын тутамына коштурууга укуктуу.
3. Суутүтүктү, канализацияны пайдаланууда тараптардын ѳз ара мамилелери.
3.1. «Суу-Түтүк» КИси жана сууну керектѳѳчүлѳр ортосундагы мамилелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык түзүлгѳн, эки тараптуу келишим, ушул Эрежелер менен жѳндѳлѳт. Суу керектѳѳчү атуул болсо- Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүнүн Эрежелери менен. Тараптар ортосунда суу менен камсыздоо, суу кетирүү келишими сѳзсүз болуу керек.
3.2. Абонент менен «Суу-Түтүк» КИси ортосундагы эксплуатациялык жоопкерчилик чеги келишимде кѳрсѳтүлѳт жана тѳмѳнкүдѳй аныкталат:
3.2.1. Кѳп квартиралуу үйлѳр, ведомстволук таандыгына, менчиктин түрүнѳ карабастан (буларга турак жай-курулуш кооперативдердин үйлѳрү кирет);
- суутүтүк боюнча-ѳзүнчѳ алынган квартирага сууну берүү түтүгүн кошуу чекити. Бул чекит «Суу-Түтүк» КИсинин эксплуатациялык жоопкерчилик зонасына кирет;
- канализация боюнча-квартиранын ичиндеги канализация түтүгүнүн канализация стоягына киргизүү чекити. Киргизүү чекити «Суу-Түтүк» КИсинин эксплуатациялык жоопкерчилик зонасына кирет.
3.2.2. Калган суутүтүк жана канализациянын керектѳѳчүлѳрү үчүн, анын ичинде менчик үйлѳр, ишканалар, мекемелер- эксплуатациялык жоопперчиликтин чеги-менчик (баланстык таандык) чеги менен дал келет. Мындай учурларда «Суу-Түтүк» КИсинын эксплуатациялык жоопкерчилик зонасы болбойт.
3.2.3. Тараптар, макулдашуу менен, «Суу-Түтүк» КИсинин эксплуатациялык жоопкерчилик зонасын кеңейтиши мүмкүн.
3.3. Үйлѳрдүн ичиндеги (ички) суутүтүк жана канализация тутамдарынын, алардагы түзүмдѳрдүн, курулмалардын техникалык абалы жана тейлениши үчүн жоопкерчилик жүктѳлѳт:
- «Суу-Түтүк» КИсине анын эксплуатациялык жоопкерчилик зонасына кирген (3.2.1. подпунктуна кирген үйлѳр боюнча);
- ээлерине-«Суу-Түтүк» КИсинин эксплуатациялык жоопкерчилик зонасы жокто (3.2.2. подпунктунда кѳрсѳтүлгѳн үйлѳр, ишканалардын, уюмдардын имараттары жана курулмалары үчүн.
3.4. Абоненттин менчигинде (ээлигинде) болгон суутүтүк-канализация тутамдарын кармоо, аларды тиешелүү техникалык абалда сактоо милдеттери абонентке жүктѳлѳт, суутүтүк-канализация тутамдарынын (жабдуулардын, курулмалардын) техникалык абалы бекитилген ченемдерге жана Эрежелерине шайкеш болуш керек.
3.5. Абонент келишимдин негизинде, «Суу-Түтүк» КИсине таандык, бирок абоненттин аймагында жайгашкан курулмалардын, жабдуулардын жана мүлктүн сакталышына жооп берет.
3.6. Абонент тѳмѳнкүлѳргѳ милдеттүү:
- түзүлгѳн эки тараптуу келишимге ылайык, алынган суу, кетирилген агындар, ага таандык суутүтүк-канализация тутамдарын тейлѳѳ боюнча аткарылган жумуштар үчүн акыны ѳз убагында тѳлѳѳгѳ;
- ичүүчү сууну жана агындарды эсептѳѳчү приборду ѳз эсебинен сатып алып орнотууга, чарбалык-тиричилик жана ѳндүрүштүк суу керектѳѳчү, жаңыдан ишке киргизилүүчү объекттерге, ушул Эрежелердин 2.1. пункту күчүндѳ болот;
- суутүтүк, канализациянын трассаларына курулуш жүргүзбѳгѳнгѳ, материалдарды топтоого, түтүктѳргѳ 4 метрден жакын дарактарды отургуз- баганга «Суу-Түтүк» КИсинин уруксаатысыз жер жумуштарын жүргүзбѳгѳнгѳ;
- «Суу-Түтүк» КИсинин ыйгарымдуу ѳкүлдѳрүн үй ичиндеги (ички) суутүтүк жана канализациянын тутамдарына, анын ичинде өзүнүн эксплуатациялык жоопкерчилик зонасына кирбеген, сууну, агындарды ѳлчѳѳчү приборлорго тоскоолсуз ѳткѳрүүгѳ;
- ички суутүтүк, канализация тутамдарынын түтүктѳрүндѳ текшерүү тешиктери бекем жабылганына, түтүктѳрдѳ пайда болгон тешиктер, кабыл алынгычтарды чечкенде пайда болгон, жана башка тешиктер бекем бүтѳлүшүнѳ кѳзѳмѳл жүргүзүүгѳ;
- сантехникалык приборлордон суунун агылышын жоюуга жана «Суу-Түтүк» КИсинин эксплуатациялык жоопкерчилик зонасына кирбеген суутүтүк арматурасын, канализациянын жабдууларын керек учурда ремонттоого;
- ичичүү сууну, канализация агындарын эсептѳѳчүү приборлордун бузулушу, авариялар жана «Суутүтүккѳ» таандык, бирок абоненттин аймагында жайгашкан жабдуулардын ишиндеги бузулуулар жѳнүндѳ ошол заматт «Суу-Түтүк» КИсине билдирүүгѳ;
- «Суу-Түтүк» КИси койгон люктардын, өрттүк гидранттардын, белги табличкалардын, пломбалардын сакталышына кѳзѳмѳл кылууга;
- жер үстүндѳгү сууларды суутүтүк, канализация кудуктарынан алыстатууга, ѳрттүк гидранттарга ѳтүүчү жолдорду ачык кармоого, ѳрттүк гидранттардын кѳрсѳтүүчү белгилердин сакталышына кѳз салууга;
- «Суу-Түтүк» КИсине суутүтүк, канализациянын тутамдарынын кѳчѳдѳгү, үйлѳргѳ кирген курулмаларынын бузулганы жѳнүндѳ билдирүүгѳ;
- сантехникалык приборлорго катуу буюмдардын, ушул Эрежелерде кѳрсѳтүлгѳн канализацияга түшүрүүгѳ тыюу салынган суюктуктардын түшүүлѳрүн болтурбоого;
- ѳзүнүн эксплуатациялык жоопкерчилик зонасында ички жана аянт ичиндеги канализациялык тутамды мезгил-мезгили менен алардын бүтѳлүп калуусун болтурбоо үчүн карап турууга, аларды профилактика үчүн тазалап, жуудуруп турууга, «Суу-Түтүк» КИсинин талабы боюнча пландан тышкаркы тазалоону жүргүзгѳнгѳ;
- сантехникалык приборлорду таза кармоого;
- кыш мезгилинде желдетүүчү стояктарды кыроодон тазалап турууга;
- «Суу-Түтүк» КИси квартал (аянт) ичиндеги кудуктарга койгон тыгындардын, канализация менен колдонууга уруксаат берилгиче сакталышын камсыз кылууга;
- ушул Эрежелерди бузгандыгынын натыйжасында бузулган суутүтүк-канализация тутамдарын, курулмаларынын оңдоосун же толугу менен калыбына келтиришин жүргүзүүгѳ. Бул иштер «Суу-Түтүк» КИсинин ыйгарымдуу ѳкүлүнүн кѳзѳмѳлү астында жүргүзүлѳт;
- ѳзүнүн эксплуатациялык жоопкерчилик зонасындагы суутүтүк, канализация тутамдарын талаптагыдай кармабасынан келип чыккан материалдык зыяндарды юридикалык жана физикалык жактарга тѳлѳп берүүгѳ;
- «Суу-Түтүк» КИси келишимдеги суу менен камсыздоо, сууларды кетирүү боюнча милдеттерин аткарбаса, аткарылбаган милдеттери кѳрсѳтүлгѳн акт түзүүгѳ. Мындай актыны түзүүнүн мѳѳнѳттѳрү, тартиби келишимде кѳрсѳтүлѳт;
- «Су-Түтүк» Кисиснин кѳрсѳтмѳсү боюнча, кѳрсѳтмѳдѳ кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳткѳ (3 төн 5 күнгѳ чейин) суутүтүк-канализация тутмдарына, курулмаларына авариялык кырдаалды жана (же) оңдоо профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн тоскоолсуз жол берүүгѳ. Кѳрсѳтмѳнү аткарбаган учурда, абонентке ичүүчү суунун агылышы үчүн түтүктүн диаметрин эске алуу менен, суунун ылдамдыгы секундасына 1 метр деп эсептелген тѳлѳм жүргүзүлѳт.
3.7. «Суу-Түтүк» КИси тѳмѳнкүлѳргѳ милдеттүү:
- абонентке сапаты аракеттеги стандартка жооп берген (СанЭ ж Ч 2.1.4.559-96) «Ичүүчү суу». Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо тутамдарынын суусунун сапатына гигиеналык талаптар. «Сапатты кѳзѳмѳлдѳѳ» таратуу чекитинде (кран, аралаштыргыч) суунун чыгымын камсыз кылчу басымы (КЧжЭ 2.04.01-85) келишимде кѳрсѳтүлѳт;
- абонентке берилүүчү суунун сапатын системдүү түрдѳ кѳзѳмѳлдѳѳгѳ; анын булганышынын булактарын табууга жана суу менен камсыздоо системасынан башка абоненттерге берилчү суунун булганыш коркунуч туудурган объекттерди ѳчүрүүгө;
- түзүлгѳн келишимдин алкагында, абонентке таандык суутүтүк-канализация тутамдарынын, анын ичинде ичүүчү сууну, агындарды эсептѳѳчү приборлорунун коопсуздугун камсыз кылууга;
- абонентке берилген ичүүчү суунун, алынган агындардын эсебин жүргүзүүгѳ. Эсептөө коюлган приборлордун кѳрсѳтүүсү менен жүргүзүлѳт, алар жок болсо-бекитилген ченемдердин негизинде;
- мезгил-мезгили менен (жылына бир жолудан кем эмес) эсептѳѳ приборлору (суу ѳлчѳгүчтѳрү) жок абоненттердин суу керектөөчүлөрүнүн курамын, санын текшерүүгө;
- ыкчам түрдѳ абоненттерди суу менен камсыз кылууну же сууларды кетирүүнү чектѳѳгѳ алып келген борборлоштурулган суутүтүк же канализация системала-рынын бузулуулары, алардын себептери, оңдоо мѳѳнѳттѳрү жѳнүндѳ кабардар кылууга;
- кабыл алган милдеттерин аткарбагандыктан (тиешелүү деңгээлде аткарбагандыктан) келип чыккан абонент тарткан зыянды, анын ичинде үчүнчү тараптардын мүлкүнѳ келтирилген зыянды, ордуна келтирүүгѳ;
- абонент суу менен камсыздоо жана (же) сууну кетирүү боюнча келишиминдеги милдеттерин аткарбаса, бузулган милдеттер кѳрсѳтүлгѳн актыны түзүүгѳ. Мындай акты түзүү, жазуу тартиби келишимде кѳрсѳтүлгѳн.
3.8. «Суу-Түтүк» КИси жумушчуларынан башкаларга суутүтүк жана канализация кудуктарынын люктарын ачууга, бекиткичтерди жөндөөгө жана суутүтүк, канализация тутамдарында жана алар үйгѳ кирүүчү жерлерде суу ѳлчѳѳчү приборлорго чейин жумуштарды жасоого тыюу салынат.
3.9. «Суу-Түтүк» КИси системдүү түрдѳ суутүтүк жана канализация тутамдарынын, суу таратуучу колонкаларынын жана башка, коммуналдык менчиктеги курулмалардын абалына, эксплуатациясына кѳзѳмѳл жүргүзѳт, ичүүчу суунун коромжусу менен күрѳшѳт, ичүүчү сууну керектөөгө, агындарда булгачу заттарды түшүрүүгѳ бекитилген лимиттердин сакталышына кѳзѳмѳл жүргүзѳт.
4. Ичүүчү сууну, канализациялык агындарды эсептөөчү приборлорду
орнотуу жана эксплуатациялоо.
4.1. Абоненттин суутүтүк жана канализация тутамдарындагы ичүүчү суу жана канализация агындарын ѳлчѳѳчү приборлорду орнотуу жерлери «Суу-Түтүк» КИси менен макулдашылат.
4.2. Суутүтүк жана канализация тутамдарынын кирүүлѳрүнѳ орнотулчу ѳлчѳѳчү приборлор, суунун минималдуу жаны максималдуу чыгымына шайкеш болуулары зарыл. Сууну ѳлчѳѳчү прибордун шарттуу ѳтмѳгүнүн диаметри долбоорлоо уюму тарабынан же «Суу-Түтүк» КИсинин ыйгарымдуу ѳкүлү тарабынан аныкталат.
4.3. Ар бир абоненттин кирүүсүндѳ сѳзсүз түрдѳ ичүүчү сууну ѳлчѳѳчү прибор орнотулат. Имараттардын, курулмалардын комплексине ээ ишканалар жана уюмдар, сууну ѳлчѳѳчү приборду шаардын суутүтүк тутамдарына кошулуу чекитинде орнотушат. Ал үчүн ѳзүнчѳ камера же атайын кудук орнотулат. Шакектелген эки кирүү бар болсо, ар бир кирүүгѳ тескери клапандуу эсептѳѳ приборлору орнотулат. Ичүүчү сууну ѳлчѳѳчү приборлорду сатып алуу жана орнотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна жана ушул Эрежелердин 3.6. пунктуна ылайык жүргүзүлѳт.
4.4. Сууну ѳлчѳѳчү прибор орнотуучу бѳлмѳ кароого жана кѳрсѳтүүлѳрдү алууга жеткиликтүү, жакшы нурданган, прибор тоңуп калбас үчүн жылууланган, бузулуулардан, булгануудан, жер алдындагы суулардан, таштандылардан корголуу болуу керек. Эгерде эсептѳѳ прибору имаратта жайгашкан болсо, ал түтүктүн кирүүсү тарабындагы биринчи тамдын артында болушу керек. Эсептѳѳ приборлору жайгашкан бѳлмѳ таза кармалышы керек жана керек болсо, бекилиш керек.
4.5. Өлчѳѳчү приборду имараттын подвалына орнотууга шарт болбосо, аны жылуу подъездке, «Суутүтүк» КИси менен макулдашылган долбоорго ылайык жана ушул Эрежелердин 4.4. пунктунда кѳрсѳтүлгѳн шарттарды сактоо менен, орнотсо болот.
4.6. Эгерде ѳлчѳѳчү прибор атайын камерада орнотулса, ага эшиги бекилчү ѳзүнчѳ кирүү жасалат. Адаттан тышкары учурда, ѳлчѳѳчү приборду кудукка орнотууга жол берилет.
4.7. Өлчѳѳчү приборлор аракеттеги Ки Э жана мамлекеттик стандартка ылайык орнотулат жана эксплуатацияланат. Ѳлчѳѳчү приборлор Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология органы тарабынан текшерилүүгѳ жана пломбаланууга тийиш. Ѳлчѳѳчү приборду оңдоо, текшерүү, «Суутүтүк» КИсинин актысы боюнча, атайын суу ѳлчѳгүч устаканасында, ээсинин эсебинен жүргүзүлүүгѳ тийиш. Текшерилбеген, пломбаланбаган суу өлчөгүчтү орнотууга тыюу салынат.
4.8. Абонент тарабынан сууну керектѳѳ олуттуу түрдѳ ѳзгѳрүлсѳ, долбоору «Суу-Түтүк» КИси менен макулдашылган суу түйүнүнүн реконструкциясы жүргүзүлѳт.
5. Берилген (алынган) ичуучү суунун жана агындардын кабыл
алуу (түшүрүү) кѳлѳмдѳрүн эсептѳѳ.
5.1. Ичүүчү сууну эсептѳѳ.
5.1.1. Абонент керектеген суунун эсеби, сууну ѳлчѳѳчү приборлордун кѳрсѳѳтүүсү боюнча жүргүзүлѳт. Приборлор болбосо-сууну керектѳѳ ченемдери боюнча. Абоненттердин айрым категорияларында (курулуш аянттары, кѳчмѳ аралаштыруу жана бетондук түйүндѳр жана башкалар), эсептѳѳ приборлору жок болсо, керектелген суунун кѳлѳмү түтүктүн диаметри жана андагы суу 1 м/секундасына сутка бою акканы эсептелет.
5.1.2. Абонент ай сайын приборлордун кѳрсѳтүүлѳрүн «Суу-Түтүк» КИсинин ичүүчү сууну берүү жаны агындарды кабыл алуу бѳлүмүнѳ ѳткѳрүүгѳ, андан соң керектелген суу жана түшүрүлгѳн агындар үчүн эсепти алууга тийиш. Приборлордун кѳрсѳтүүлѳрү болбосо, ѳткѳн мезгил үчүн эсептѳѳ мурунку эки айдын орточо керектѳѳсү боюнча жүргүзүлѳт, жана кийинки кѳрсѳтүлѳр боюнча такталат.
5.1.3. Эгерде ичичүү сууну ѳлчѳѳчү приборго зыян келтирилсе же анын иштеши бузулса, абонент «Суу-Түтүк» КИсинин ѳкүлүн прибордун кѳрсѳтүүлѳрүн жазуу жана пломбаны алуу үчүн чакырууга тийиш. Суу ѳлчѳѳчү приборду алууга жана алмаштырууга, кѳрсѳтүлгѳн иштерди аткарууга наряды бар, «Суу-Түтүк» КИсинин ыйгарымдуу ѳкүлү же «Суу-Түтүк» КИсинин уруксаты же макулдугу боюнча- абонент укуктуу. Бул учурда, эсептѳѳ мезгилинде керектелген суунун кѳлѳмү, муруку эки айдын суткасына орто эсеп менен керектелгени боюнча аныкталат. Эгерде абонент (тиричиликтен башкасы) кѳрсѳтмѳдѳгү мѳѳнѳттѳ суу ѳлчѳгүч орнотпосо, керектелген суунун кѳлѳмү, ал мѳѳнѳттѳн ашкан убакыт үчүн, суу түтүгүнүн диаметри жана суу 1м/секундсындагы ылдамдыкта, сутка бою акканы менен эсептелет.
5.1.4. Ичүүчү сууну ѳлчѳѳчү прибордун кѳрсѳтүүлѳрү «Суу-Түтүк» КИсинин кѳзѳлмѳлдѳѳчүсү тарабынан, абоненттин же анын ѳкүлүнүн кѳзүнчѳ алынат. Мындай кѳзѳмѳлдѳѳчү прибордогу, айланма бекиткичтеги пломбалардын сакталышын, прибордун бириктирүү бѳлүктѳрүнүн оңдугун, алардагы пломбалардын сакталышын жана суунун ѳзүнчѳ агылышы жоктугун текшерүүгѳ тийиш. Тѳмѳнкүлѳр байкалса:
- айнектин бүтүндүгү бузулганы;
- жебелердин жоктугу же бузулушу;
- приборлордогу же айланма бекиткичтеги (анын ичинде ѳрт гидрантында) пломбанын бузулганы же алынып салынганы;
- түтүктүн муздан жарылганы;
- тескери клапандын бузуктугунан кѳрсѳтүүлѳр тескери болгону;
- прибордун кѳрсѳтүү диапазону керектелген суунун кѳлѳмүнѳ дал келбегенде, суу ѳлчѳѳчү түйүндү реконструкциялоо боюнча берилген кѳрсѳтмѳ аткарылбаганы;
- Ысык суу аралашканы же суу өлчөөчү түйүндө ширетүү жумуштары жүргүзгөн учурда бузулганы;
- «Суу-Түтүк» КИси менен макулдашпастан, суу кирүүлѳрдүн иштѳѳ режимин ѳзгѳрткѳндѳ жана буга байланыштуу приборлорго күч келүү ѳзгѳрүлгѳндө кѳзѳмѳлдѳѳчү акт түзѳт. Актыга абонент (анын өкүлү) кол коет. Ал кол койгондон баш тартса, актыга жергиликтүү ѳз алдына башкаруунун ѳнүлү же үч кишиден турган комиссия кол коет. Керектелген суунун кѳлѳмү түтүктүн диаметринин 0,5 жана суу 1м/секундасына суткасына 12 саат акканы боюнча аныкталат.
5.1.5. Үйдѳ жашагандардын саны ѳзгѳрсѳ (ѳлчѳѳчү прибор жокто), сууну керектөө жана канализация менен пайдалануу үчүн эсептер абонент берген далилдѳѳчү документтердин негизинде жүргүзүлѳт. «Суу-Түтүк» КИси абоненттикинде жашагандардын санын текшерүүгѳ укуктуу.
Керектѳѳчү убактылуу, толук 5 күн удаа үйүндѳ болбосо «Суу-Түтүк» КИси тарабынан сууну керектѳѳ жана канализация менен пайдалануу үчүн абоненттин, бир ай ичинде жазылган болбогондугу жөнундѳгү арызынын негизинде, кайра эсептѳѳ жүргүзүлѳт. Анын жыйынтыктары ушул Эрежелердин 6.1. пунктунда кѳрсѳтүлгѳн тартипте берилген тѳлѳм документинде кѳрсѳтүлѳт. Арызга абоненттин жана(же) аны менен жашагандардын дайыма турган жеринде (убактылуу) болбогондугун тастыктаган документтер тиркелет. Алар тѳмѳнкүлѳр болушу мүмкүн:
а) иш сапары жѳнүндѳ күбѳлүктүн кѳчүрмѳсү же иш сапарында болгондугу жѳнүндѳгү маалымдама;
б) стационардык дарылоо мекемесинде болгондугу жѳнүндѳ маалымдама;
в) абоненттин же аны менен жашагандардын аты жѳнү кѳрсѳтүлгѳн жол жүрүү билеттери же кѳчүрмѳлѳрү;
г) мейманканада, жатаканада же башка жайда убактылуу жашагандыгы үчүн эсептер же алардын кѳчүрмѳлѳрү;
д) ички иштер органын убактылуу жашагандыгы жѳнүндѳ убактылуу каттоо жѳнүндѳгү маалымдамасы;
е) кошуналары кол койгон акт;
ж) үй комитети, квартальный берген маалымдама.
«Суу-Түтүк» КИ абонент берген документтердин кѳчүрмѳлѳрүн алууга жана алардын тууралыгын текшерүүгѳ акылуу. Сууну керектѳѳ, канализация менен пайдалануу үчүн кайра эсептѳѳ абонент болбогон күкдѳргѳ, жараша жүргүзүлѳт. Мында анын үйдѳн кеткен жана келген күндѳрү саналбайт.
5.1.6. Эгерде абоненттикинде Каракол шаарында каттоосу жок жашаган керектѳѳчүлѳр аныкталса, абонент алар үчүн тѳлѳмдѳрдү актынын негзинде жүргүзүлѳт. Бул учурда керсителген суу үчүн кайра эсептѳѳ сууну керектөө ченемдери боюнча акыркы пландуу текшерүүдѳн жашагандардын саны ѳзгѳрүлгөндүгү жѳнүндѳ арыз жазылган күнгѳ чейин жүргүзүлѳт.
5.1.7. Абоненттин кѳчѳдѳгү суу таратуу колонкадан керектелген сууну эсеби аракеттеги сууну керектѳѳ ченемдери боюнча жүргүзүлѳт.
5.2. Ичичүү суу менен сугаруу жана суунун агылышы.
5.2.1. Ичичүү суу менен ѳсүмдүктѳрдү сугарууга, корону, килем буюмдарын, машинелерди, механизмдерди, жууганга тыюу салынат. Кээ бир эле учурларда «Суу-Түтүк» КИ ѳсүмдүктѳрдү тунку убакытта (ОО дѳн 05 чейин) суугарганга уруксаат берет.
5.2.2. Ички (үй ичиндеги) суутүтүк тутамдарынан, үйдүн, курулманын долбоорунда жок улап чыгууларды орнотууга тыйлуу салынат.
5.2.3., 5.2.1. жана 5.2.2. подпункттарда кѳрсѳтүлгѳн бузуулар аныктаса, акт түзүлѳт. Ага «Су-Түтүк» КИсинин ѳкүлү жана абонент кол коет, ал кол койбосо, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳнүлү же үч кишиден турган комиссия кол коет.
5.2.4. Суунун агылышы же суу ѳлчѳѳчү прибордун жогунда, анын ысыраптуу пайдалангандын билинсе «Суу-Түтүк» КИ синин ѳкүлү акт түзѳт. Актыга абонент кол коет, ал болбосо же кол койудан баш тартсажергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлү.
5.3. Канализация агындарын эсептѳѳ.
5.3.1. Шаардын канализациясына түшкѳн агындардын эсеби шаардын канализациясынын кирүүдѳгү агын сууларды эсептѳѳ прибору боюнча жүргүзүлѳт.
5.3.2. Агын сууларды эсептѳѳ прибору болбосо, агындардын кѳлѳмү тѳмѳнкүдѳй аныкталат:
- шаардын же ведомстволук суутүтүктѳн келген муздак суунун кѳлѳмүнѳ ысык суунун кѳлѳмү кошулат (прибордун кѳрсѳтүүлѳрү боюнча);
- ысык сууну ѳлчѳѳчү прибор болбосо— ысык сууну керектөө ченемдери боюнча;
-ичичүүчү сууну өлчөөчү прибор болбосо- аракеттеги муздак сууну керектѳѳ ченемдери боюнча. Ага ысык суунун керектелиши кошулат (прибор боюнча аныкталган, ал болбосо-бекетилген ченемдерге ылайык);
- суу жергиликтүү жана башка булактардан керектелсе, агын суулардын кѳлѳмү канализацияга кошулуу үчүн жасалган түзүмдѳрдүн, курулмалардын ѳткѳрүү мүмкүндүгү боюнча, алардын толум коэффициенти- 0,5ке барабар деп, айына- суткада 12 саат иштелет жана канализациянын минималдуу энкейшин эске алуу менен эсептелет.
5.3.3. Агындардын кѳлѳмүн аныктоодо келишпестик чыкса, «Суу-Түтүк» КИси аракеттеги методиканы пайдалануу менен, кѳзѳмѳлдүк ѳлчѳѳнү жасоого укуктуу. Кѳзѳмѳл ѳлчѳмдѳрү керек болгондо, абоненттин кѳзүнчѳ жүргүзүлѳт. Ѳлчѳѳ бүткѳндѳ, эки тарап кол акт түзүлөт.
6. Берилген (алынган) ичичүү суу жана агындарды кабыл алуу (түшүрүү) үчүн эсептешүүлѳр.
6.1. Абоненттердин «Суу-Түтүк» КИси менен ичичүү суу, агындарды түшүрүү жана аларды тазалоо абонентке таандык суутүтүк, канализация тутамдарын тейлѳѳ үчүн эсептешүүлѳр аракеттеги тарифтердин негизинде, абонентке берилген ичичүү суунун жана андан кабыл алынган агындардын жана суутүтүк, канализация тутамдарын техникалык жактан тейлѳѳ боюнча аткарылган жумуштардын кѳлѳмүнѳ жараша жүргүзүлѳт.
Берилген эсептер боюнча тѳлѳмдѳр, аларды алгандан кийин 10 күндүн ичинде жүргүзүлѳт.
6.2. Шаардын суу менен камсыздоо системасынын сууну керектөө жана агындарды канализация системасына кабыл алуу үчүн тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык бекитилет.
6.3. «Суу-Түтүк» КИси ичичүү суу, канализацияга түшүрүлгѳн агындар, абонентке таандык суутүтүк-канализация тутамдарын техникалык жактан тейлѳѳ үчүн тѳлѳмдѳр ѳз убагында жүргүзүлүшүн кѳзѳмѳлдѳѳгѳ милдеттүү. Абонент тарабынан товар, кызмат үчүн тѳлѳмдѳрдү жүргүзүүнүн бекитилген мѳѳнѳттѳрү бузулганы билинсе, «Суу-Түтүк» КИси абонентке тѳлѳм кечиккен ар бир күн үчүн карыздын 0,1 % ѳлчѳмүндѳгү туумду эсептѳѳгѳ жана жазуу жүзүндѳгү эскертүүдѳн кийин ичичүү сууну берүүнү токтотууга укуктуу.
6.4. Абонент (карыздарды карызы + эсептелген туум), сууну берүүнү токтотууга жана кайра берүүгѳ кеткен чыгымдарды (алардын сметасы, калькуляциясы) «Суу-Түтүк» тарабынан түзүлѳт. Толугу менен тѳлѳгѳндѳн кийин гана суу берүү кайра жүргүзүлѳт.
6.5. Ичичүү суу, агындарды агызуу жана абонентке (субабонентке) таандык суутүтүк-канализация тутамдарын техникалык жактан тейлѳѳ үчүн эсепти «Суу-Түтүк» КИси абоненттин (субабоненттин) наамына жазат. Абоненттин жана субабоненттин ортосундагы эсептешүүлѳр боюнча дооматтарды «Суу-Түтүк» КИси карабайт.
6.6. Турак же турак эмес жайды сатып алаарда физикалы же юридикалык жак сатуучунун сууну керектѳѳ, агындарды агызуу үчүн карызы жогун текшерүүгѳ милдеттүү. Объекттин жаңы ээси бир айдын ичинде суу-Түтүк» КИсине келишим түзүү үчүн кайрылууга милдеттүү.
6.7. Турак же турак эмес жайларды, сууну керектѳѳгѳ, агындарды агызууга байланышкан ишкерликте пайдалануу учуларда, сууну керетѳѳчүлѳрдүн тиешелүү тайпаларына тийиштүү тариф пайдаланат.
7. Ичичүү сууну берүүнү жана (же) агындарды кабыл алууну токтотуу же чектѳѳ тартиби.
7.1. Тѳмѳнкү учурларда «Суу-Түтүк» КИси Каракол шаарынын айрым абоненттерине же райондоруна (конуштарга) сууну берүүнү убактылуу, эскертүүсүз токтото алат:
- борборлоштурулган суу менен камсыздоо системасынын насостук станциялары электр энергиясы менен авариялык түрдѳ камсыз кылынбай калса;
-ѳрт чыккан жерге суу берүүнү кѳбѳйтүү зарыл болгондо;
- күтүүсүз кырсыктар болгондо;
- суутүтүк жана канализация тутамдарында, курулмаларында авариялар болсо.
7.2. Абонентке таандык сырткы же ички суутүтүктүн авариясы же бузулуусу болсо, «Суу-Түтүк» ага суу берүүнү токтотот.
7.3. Суутүтүк тутамдарын жана курулмаларын пландуу түрдѳ оңдоого байланыштуу, суунун басымын убактылуу тѳмѳндѳтүү жана же абонентке суу берүүнү убактылуу токтонуу зарыл болсо, «Суу-Түтүк» КИси бул жѳнүндѳ абонентти 5 күн мурун маалымдашы керек. Мында Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды кѳрсѳтүүнүн тиртибинде каралган суу берүүдѳгү танапистин мѳѳнѳтүнѳн ашпашы керек.
7.4. Алдын ала эскертүүдѳн кийин «Суутүтүк» КИси убактылуу (же биротоло), суу менен камсыздоо жана сууну кетирүү келишимине ылайык, тѳмѳнкү учурларда Каракол шаарынын айрым абоненттерине, тѳмѳнкү учурларда, суу берүүнү токтото алат:
- сууну керектѳѳ, сууну кетирүү жана суутүтүк, канализация тутамдарын техникалык тейлѳѳ үчүн акыны тѳлѳѳнү кечиктиргенде;
- «Суу-Түтүк» КИсинин ыйгарымдуу өкүлүн суу өлчөөчү приборлорду, суутүтүк жана канализация түзүмдѳрүн кароону тоскоолдуксуз кылбаганда же керектелген сууну эсептѳѳ үчүн керек маалыматтарды бергенден баш тарткан учурда;
-шаардык суутүтүк жана (же) канализация тутамдарына ѳзүм билемдик менен кошулганда, же суутүтүк жана (же) канализацияны же алардын бѳлүктѳрүн бекитилген долбоор менен орноткондо;
- суу керектѳѳнүн бекитилген лимиттен ашканда, бекиткичтерди жѳндѳѳгѳ жана пломбаларды коюуга тоскоолдук кылганда;
- ири ѳндүрүш ишканалар үчүн суу керектѳѳ лимитин такай ашырганда жана сууну керектѳѳ режимин бузганда;
- субабонентти суутүтүк тутамы абоненттин суутүтүк тутамына башка ээлик кылуучунун аймагы аркылуу кошулганда, «Суу-Түтүк» КИси менен макулдашпай туруп, ѳчүргѳндѳ;
- ушул Эрежелердин бузулуштарын жоюу жѳнүндѳгү «Суу-Түтүк» КИсинин кѳрсѳтмѳлѳрү аткарылбаганда.
8. Суутүтүк жана канализация тутамдарын кайтаруу чаралары.
8.1. Абоненттер жана «Суу-Түтүк» КИсинин кызматкерлери борборлоштурулган жана ички суу-түтүк жана канализация тутамдарында жумуштарды «Суу-Түтүк» КИси тарабынан берилген нарядтарсыз, күбѳлүктѳрүүсүз жүргүзүп же тутамдын арматурасынын кайсы бир бѳлүктѳрүн чечип жаткан адамдардын кызматтык күбѳлүктѳрүн текшерип, милиция органдары аркылуу кармоого милдеттүү.
8.2. Суутүтүк жана канализация тутамдарына, курулмаларга, түзүмдѳргѳ зыян келтирген баардык физикалык жана юридикалык жактар «Суу-Түтүк»КИсине келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик тартышат. Суу менен камсыздоо жана канализация курулмаларына зыян келтирген физикалык жана юридикалык жактар, ал жѳнүндѳ токтоосуу «Суу-Түтүк» КИсине билдирип, келтирилген зыянды ѳз эсебинен, «Суу-Түтүк» КИсинин кѳзѳмѳлү астында жүргүзүүгѳ жаша ушул зыяндардын кесепетинен келген чыгымдарды талтурууга милдеттүү.
8.3. Курулуш оңдоо курулуш, жол жана башка уюмдардын жетекчилери жолдорду курууда, оңдоодо канализация жана суутүтүктүк кудуктарынын люктарын жол кыртышынын денгээлине чейин кѳтѳрүүдѳ долбоорлук жана башка чечимдерди колдонгондугу үчүн персоналдык жоопкерчилик тартышат.
8.4. Суутүтүк жана (же) канализация тутамынын ишинде бузуулар болсо, ага бул бузууга жол берген уюм же жеке адам жооптуу болушат. Бузуу фактысы боюнча акт түзүлѳт, ага «Суу-Түтүк» КИсинин ѳкүлү жана бузган кол коюшат. Ал бузган кол коюудан баш тартса, актыга «кол койгон жок»- деп жазылат жана актка жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлү же 3 кишиден турган комиссия кол коет. Бузууга жол бергендер боюнча материал Каракол шаарынын административдин комиссиянына жиберилет.
8.5. Шаардык суутүтүк жана канализациясын кайтаруу чараларын бузган адамдар административдик, ал эми ѳзгѳчѳ учурда кылмыштык жоопкерчиликке тартылат.
9. Абонентин суутүтүк-канализация тутамына кѳзѳмѳл.
9.1. «Суу-Түтүк» КИси абонентке таандык суутүтк-каналлизация тутамынын эксплуатациясына кѳзѳмѳл жүргүзѳт «Суу-Түтүк» КИсинин ѳкүлү ушул Эрежелердин бузууларын тапса, абоненттин кѳзүнчѳ акт түзүлѳт жана аларды жоюу боюнча, мѳѳнѳтү кѳрсѳтүлгѳн, кѳрсѳтмѳ берилет. Эрежелерди бузган күнѳѳлүүлѳр административдик жоопкерчиликке тартылышат.
9.2. Үйүндѳгү суутүтүк жана канализациясынын аткарылган документациясы болбогон абонент, аны «Суу-Түтүк» КИси менен макулдашылган мѳѳнѳттѳ даярдап ыйгарымдуу ѳкүлдѳрдүн талабы боюнча кѳрсѳтүүгѳ тийиш.
9.3. Баардык ишканалар ѳзүлѳрүнүн чарба-тиричилик жана ѳндүрүштүк агындарын, аларды алдын ала, локалдуу тазалоо курулмаларында, долбоордук чечимдерге ылайык, тазалагандан кийин гана түшүрүүсү керек. Тазалоонун сапаты жергиликтүү ченемдик-укуктук документтерде кѳрсѳтүлгѳн ПДИ жол ПДС ченемдеринин талаптарына жеткирилиш керек. ПДК жана ПДС ченемдеринен ашып кеткен учурда, агындардын пробалары үч нускада алынат, бирок «Су-Түтүк» КИсинин лабораториясына, экинчиси-айлана чѳйрѳнү коргоочу ыйгарымдуу органдын лабораториясына жиберилет. Ченемдерден ашкандык билинсе, талдоого кеткен чыгымдарды керектөөчү тѳлѳйт. Агындарда зыяндуу заттардын ПДИсы ашкан болсо агындардын кѳлѳмүнѳ үч эселенген акы тѳлѳѳ эсептелет.
Техникалык мүмкүнчүлүк камсыз кылынбаса, кѳзѳмѳл кудугунун же ага алпарчу жолдун техникалык абалы канааттандыраарлык болбосо, ошонун кесепетинен пробаларды алуу коркунучтуу болсо, бул жѳнүндѳ акт түзүлсѳ, ѳткѳн айдын агындарынын кѳлѳмүнѳ беш эселенген акы тѳлѳѳ эсептелет. Абоненттин ѳкүлү актыга кол койбосо, ал жѳнүндѳ кол койбогонунун себептери актыга жазылат. Абонент кол койбоган акт, кол койбогондук негизсиз болсо, же анын себептери жазылбаса, күчүндѳ болот.
9.4. Локалдуу тазалоо курулмалар болбосо, «Суу-Түтүк» КИсинин талабы боюнча ишкана бул тармакка ылайык тазалоо курулмаларынын долбоорун даярдайт, аны бекитилген тартипте макулдатат жана «Суу-Түтүк» КИси менен макулдашылган мѳѳнѳттѳ курат. Ишканалардын баары сууну керектөө жана агындарды тазалоого кетирүү жѳнүндѳ түзүлгѳн келишимдеги «Суу-Түтүк» КИси сууну керектѳѳгѳ жана агындарды түшүрүүгѳ койгон талаптарды аткарууга тийиш.
10. Кѳп квартиралуу үйлѳрдүн ички суутүтүк жана канализациялык тутамдарын техникалык жактан тейлѳѳ.
10.1. Кѳп квартиралуу үйлѳрдѳгү турак жана турак эмес жайлардын ээлери, квартиранын ичиндеги жана сыртындагы суутүтүк жана канализация тутамдарынын жана санитардык-техникалык жабдуулардын сакталышына жана санитардык-техникалык абалына кѳз салып турууга милдеттүү.
10.2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2003-жылдын 8 апрелиндеги № 191 «Кыргыз Республикасында турак үйлѳрдү жана үйлѳргѳ жанаша жайгашкан жер тилкелерин камроонун типтүү Эрежелерин бекитүү жѳнүндѳгү» токтому менен бекитилген турак үйлѳрдү жана үйлѳрдүн жанындагы жер тилкелерин кармоо типтүү эрежелерине ылайык, менчик ээси квартираларынын ичиндеги суутүтүк жана канализация тутамдарын, алардын бекитүү-жѳндѳѳ арматурасын жана квартиранын (жайдын) сантехникалык жабдууларын оң абалда кармоого тийиш.
10.3. Кѳп квартиралуу үйдүн турак жана турак эмес жайларындагы сантехникалык жабдууларды, түтүктѳрдү оңдоо, алмаштыруу алардын ээлеринин эсебинен жүргүзүлѳт.
10.4. Кѳп квартиралуу үйдүн ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде болгон суутүтүк-канализация тутамдарын техникалык жактан тейлѳѳ келишимге ылайык жүргүзүлѳт. «Суу-Түтүк» КИси келишимде кѳрсѳтүлгѳн ѳзүнүн эксплуатациялык жоопкерчилик зонасындагы үй ичиндеги суутүтүк жана канализация тутамдарын профилактикалык кароодон кезектеги жана авариялык тейлѳѳдѳн,бекитилген ченемдерге жана Эрежелерге ылайык жүргүзѳт. Аткарылган жумуштар үчүн акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу бекиткен тарифтер боюнча тѳлѳнѳт.
10.5. Үйдүн (жайдын) ээси, же аны жалдагандар үй ичиндеги, квартирада жайгашкан көп квартиралуу үйдүн ээлеринин жалпы үлүштүк менчигиндеги бузулган үй ичиндеги тутамдарды кароого же оңдоого жол берүүгѳ тийиш.
10.6. Турак жай ээлерине же аны жалдоочуларга үй, квартира ичиндеги суутүтүк жана канализация тутамдарын бекитүүгѳ, үймѳлѳктѳѳгѳ жана жылмалоого тыюу салынат.
Сантехникалык приборлорду, тамдардын жылмалоосун жаны имараттын конструкциясынын башка үй ичиндеги суутүтүк жана канализациянын тутамдарына тоскоолдук кылган элементтерин калыбына келтирүү, ээлердин эсебинен жүргүзүлѳт.
10.7. Ички суутүтүк жана канализация тутамдарын эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлѳѳ алардын эскиргенине байланыштуу мүмкүн болбосо, «Суу-Түтк» КИси ээлерине эскилиги жеткен коммуникацияларды толугу менен алмаштыруу керектиги жѳнүндѳ кѳрсѳтмѳ берет. Коммуникациялар алардын ээсинин эсебинен жүргүзүлѳт.
11. Ушул эрежелерди бузгандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги.
11.1. Эгерде жер жумуштарын аткаруучуларынын аракеттеринин кесепетинен шаардын суутүтүк жана (же) канализациялык тутамдарынан суунун агылышы пайда болсо же алардын бүтүндүгү бузулса, «Су-Түтүк» КИнин ѳкүлү, жумуштардын буюртмачынын ѳкүлүнүн кѳзүнчѳ акт жазат, анын негизинде келтирилген зыяндын (агылган суунун кѳлѳмү, аварияны жоюу боюнча жумуштар, сарпталган материалдар жана үчүнчү жактардын чыгымдары эсептелинет. Бул учурда суунун агылышынын кѳлѳмү түтүктүн бузулган жериндеги диаметри, андагы суунун агымынын ылдамдыгы (1м/секундасына) жана авариядан сууну ѳчүрүү убактысы эске алуу менен эсептелет. Авария башталган убакытты аныктоо мүмкүн болбосо, убакыт суу ѳчүрүлгѳн убакыттан тартыш эсептелет плюс 24 саат. Эгерде бузууга жол берген уюмдун ѳкүлү актыга кол коюудан баш тартса, актыга мэриянын ѳкүлү же үч кишиден турган комиссия кол коет.
11.2. Суу керектөө объекттинин ээси берилген техникалык шарттарды, шаардын суутүтүк жана канализация тутамдарына кошулууну туура аткарбаса же агындарды ѳз убагында тѳгүү станциясына ташытпаса, объект шаардын суутүтүгүнѳн ѳчүрүлѳт, ал эми ээси административдик жоопкерчиликке тартылат.
11.3. Жумуштарды жүргүзүүчү (суу керектѳѳчү объекти куруунун буюртмачысы) белгиленген убакытка сууну ѳчүүнү ѳтүнсѳ жана ошол убакытта жумаштарды бүтүрбѳсѳ, ага суу керектѳѳчүлѳргѳ берилбей калган суунун кесепетинен пайда болгон зыяндарды калыбына келтирүүгѳ эсептер берилет.
11.3.1. Объектти кошуу боюнча жумуштар баштала элек болсо, анда берилбей калган суу үчүн эсеп, ѳчүрүлгѳн сууѳткѳѳлдүн диаметри жана суунун ылдамдыгы 1м/секундасына, ѳчүрүүнүн бүт убакытсын эске алуу менен жүргүзүлѳт.
11.3.2. Эгерде жумуштарды жүргүзүүчү жумуштарды аткарып жатып, берилген убакытта бүтѳ албай калса, анда берилбей калган суунун эсеби ѳчүрүлгѳн сууѳткѳѳлдүн диаметри, суунун ылдамдыгы- 1м/секундада бѳлүнгѳн убакыттан суу кайра берилгиче эсептелет.
11.3.3. Эгерде жумаштарды жүргүзүүчү (буюрмачы) ѳз билемдик менен шаардын суу менен камсыз кылуу системасынын бир бѳлүгүн ѳчүрсѳ, «Суу-Түтүк» КИси тарткан чыгымдар берилбей калган суунун кѳрсѳткүчү боюнча эсептелет. Бул эсепте ѳчүрүлгѳн суу ѳткѳргүчтүн диаметри, 1м/секундагы суунун ылдамдыгы жана ѳз билемдик менен ѳчүрүлгѳн убакыт эске алынат.
11.3.4. Ѳз билемдик менен шаардын суутүтүк жана канализация тутамдарына кошулуу же пайдалануу аныкталса, юридикалык же физикалык жак кѳрсѳтүлгѳн тутамдардан ѳз эсебинен кесилет. Бул учурда тартип бузганга суу керектөө жана канализация менен пайдалануу үчүн эсепти, кошулган жердин ѳткѳрүүчү мүмкүнчүлүгү, андагы суунун кыймылынын ылдамдыгы 1м/секундада жана ѳз билемдик менен кошулган убакыт эске алынат. Эгерде кошулуу датасын аныктоо мүмкүн эмес болсо, суутүтүк жана канализация менен колдоону убактысы- бир ай деп саналат.
11.4. Ѳндүрүштүк агындар күтүлгүс кѳп кѳлѳмдѳ, зыяндуу заттардын ПДКсы ашкандык менен түшүрүлгѳнү билинсе, «Суу-Түтүк» КИси, бекитилген тартипке юридикалык жана физикалык жактарга канализация тутамдарына келтирилген зыянды калыбына келтирүү жѳнүндѳ доо менен кайрылууга укуктуу.
11.5. Күнѳлүүлѳрдү жоопко тартуу үчүн керектүү материалдар тиешелүү органдарга берилет.
11.6. Жазуу түрүндѳгү эскертүүдѳн кийин, «Суу-Түтүк» КИси (ушул Эрежелердин 7.4. пунктуна кошумча) абонентти (субабонентти) шаардын суу менен камсыздоо жана канализация тутамдарынан, анын эсебинен тѳмѳнкү учурларды кесип салууга укуктуу:
- канализацияга түтүктѳрдү бузуучу курамында муңай азыктары бар, жеңил күйүп кетүүчү жана башка жумушчулардын ѳмүрү үчүн коркунучтуу жана сууну тазалоо процессине зыяндуу таасир берүүчү агындар түшүрүлгѳнү билинсе;
- канализация тутамдарында атайын жабдууларды орнотуу жѳнүндѳгү талаптар аткарылбаганда;
- башка абоненттердин (субабонентердин) суутүтүк-канализация тутамдарына ичичүү сууну керектѳѳчүлѳрдүн ден соолугуна зыян келтире турган булганычтар киргени биленсе.
11.7. Сууну керектѳѳ лимити бекитилген абонент (ишкана) сууну лимиттен ашык пайдаланса, «Суу-Түтүк» КИ укуктуу:
- бекитүүчү арматураны бекитилген лимиттен ашык суу ѳткѳрбѳгѳндѳй кылып, жѳндѳп, пломба салууга;
- лимиттен ашык керектелген сууга эсепти беш эсе кылганча жана алынган каражаттарды «Суу-Түтүк» КИ синин кирешесине жумшаганга.
11.8. Эгерде кѳп квартиралуу турак же турак эмес жайдын ээси, ички суутүтүк-канализация тутамдарына жол бербесе, «Суу-Түтүк» КИси бул тутамдарды техникалык жактан тейлѳѳ үчүн, ичичүү суу менен камсыздоо жана агындарды кетирүү үчүн жоопкерчилик тартпайт жана бул жѳнүндѳ аны (ээсин) жазуу түрүндѳ маалымдайт.
11.9. «Суу-Түтүк» КИси ушул Эрежелердин 3.7, 10.4. пуктарында каралгандай, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, абонентке жана үчүнчү жактарга келтирилген материалдык зыянды калыбына келтирет.
11.10. Түзүлгѳн келишимге ылайык абоненттин ички суутүтүк-канализация тутамдарындагы, приборлор, түтүктѳр, бекиткичтердин туура эмес иштегендиген мүлктүн (турак жана турак эмес жайлар, подвалдар, башка объектер) сууланышынан келген материалдык зыяндар үчүн күнѳѳлү тарап жоопкерчилик тартат.
11.11. Абонент «Суу-Түтүк»КИсинин ыйгарымдуу ѳкүлү ичичүү сууну ѳлчѳѳчү приборго тоскоолдуксуз ѳтүшүн камсыз кылбаса, эсептѳѳ мезгилинде, керек-суунун агышын ылдамдыгы 1м/секундасына экенин эске алуу менен эсептелет. Кийин, приборлордун эксплуатациясы бузулбаса, суунун керектелген кѳлѳмү приборлордун кѳрсѳтүүсү боюнча аныкталат.
11.12. Ѳрт гидрантынан сууну ѳз билемдик менен пайдаланганда, керектелген суунун кѳлѳмү гидранттын ѳткѳрүү мүмкүнчүлүгүн андагы суунун ылдамдыгы 1м/секундасына, ѳз билемдик менен аны ачкан убакыттан тарта эсептелет.
Эгерде гидрантты ачуу убакытсы аныкталбаса, анда ал убакыт 1 айга тете деп аныкталат.
11.13. Ушул Эрежелердин 5.2.1., 5.2.2., 5.2.4. подпункттарында кѳрсѳтүлгѳн бузуулар билинсе, «Суу-Түтүк» КИси керектелген суунун эсебин (Ѳлчѳѳчү приборлор болбосо), сууну керектѳѳчү приборго келүүчү түтүктүн диаметрин андагы суунун ылдамдыгы- 1м/секундасына, суу сутка бою, бир айдын ичинде аккан деп, чарбалык эсептеги керектѳѳчүнүн тарифи менен эсептейт.
11.14. Ушул Эрежелердин 2.3.4., 11.1., 11.3.,11.4.,11.5., 11.12., 11.14, пунктарында кѳрсѳтүлгѳн болумуштарда, суутүтүк жана канализация менен колдонгондук үчүн керектѳѳчүгѳ эсеп кылууга эки тараптуу,суунун керектѳѳдѳ, агындарды түшүрүүдѳ кетирилген бузуулар жѳнүндѳгү, «Суу-Түтүк» КИ ыйгарымдуу ѳкүлү, сууну керектѳѳчү объекттин ѳкүлүнүн кѳзүнчѳ жана (керек учурда) мэриянын ѳкүлүнүн катышуусу менен же үч кишиден турган комиссия менен түзүлгѳн актылар негиз болот.
11.15. Ушул Эрежелердин 11.15. пунктуна ылайык эсептелген жана суунун керектѳѳчүлѳрдѳн түшкѳн каржы каражаттары «Суу-Түтүк» КИсинин кирешисине багытталат.
11.16. «Суу-Түтүк КИси кѳрсѳтүлгѳн кызматтардын сапаты бузулганда, жоопкерчиликтен бошотулат, эгерде ал, керек болсо кѳзкарандысыз эксперттерди тартуу менен же сот тартибинде, мындай бузуулар андан кеткен себептер менен болбогондугун далилдеп берсе.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.