Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайынды шаардык кеңешинин «Кайынды шаарынын мэриясынын муниципалдык мэнчигинде турган Кайыңды шаарынын Заводская 31 үй 27, 28 патир дарегиндеги, 2 патирди Панфилов районунун Прокуратурасына бекитүү жөнүндө» токтому
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 13-марты № 57/XIV-6 Кайынды шаарынын мэриясынын муниципалдык мэнчигинде турган Кайыңды шаарынын Заводская 31 үй 27, 28 патир дарегиндеги, 2 патирди Панфилов районунун Прокуратурасына бекитүү жөнүндө
12.02.2013 жылдын №11/IV Кайынды шаардык кеңешинин Токтому менен бекитилген Кайынды шаарынын мэриясынын 11 Жобосунун 4 беренесинин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” Мыйзамынын 41 беренесинин, 2 пунктунун, Кыргыз Республикасынын “Мүлктүн муниципалдуу менчиги жөнүндө” Мыйзамынын 10 беренесинин, 19 беренесинин негизинде жазылган Панфилов районунун прокуратурасынын 2 патир бөлүп берүү жөнүндө катын карап-талкуулап, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов районун прокуратурасына Кайынды шаары, Заводская көчөсү 31 үй ,27-28 патири дарегиндеги, эки патир бекитилсин.
2. Панфилов райондук прокуратура Кайыңды шаарынын мэриясы менен келишим түзүп кийинки пайдалануусун жана керектүү шартталган патирлерди кармап туруусун милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын агрардык, жер жана турак жай маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Абдрасулов У.Б.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон