# Кайынды шаардык кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы № 24/VIII-1 "Аймактык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди бекитүү боюнча" токтому

- Толук аталышы: Кайынды шаардык кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы № 24/VIII-1 "Аймактык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди бекитүү боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24//VIII-1
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223530>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-20663/edition/626967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223530.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайынды шаардык кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы № 24/VIII-1 "Аймактык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди бекитүү боюнча" токтому (05.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223530

---

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-июлу № 24/VIII-1 Аймактык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын 2011 жылындагы теке айынын 30 да №62 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн шайлоо комиссиялары тууралуу” мыйзамынын 19 беренеси 1 пункту,4 пункту, ошондой эле “Шайлоо комиссиясын түзүү жана таратуу ирээти жөнүндө” 2011 – жылдын 8 июнундагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн түзүлгөн Борбордук комиссиянын токтомунун 2 бөлүмү, 7 пункту менен бекитилген жобонун негизинде, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиянын резервине көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана протоколдорду көрүп, талкуулап Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү талапкерлерди сунуштоо: эмгекчилердин жамаатынан Шаршембиева А.А., шайлоочулардын чогулушунан Төлөнбаев Ш.Х., Ширгелиева Н.А., Осмонкулова Р.Р.

2. Кайыңды шаардык кеңешине сессиянын токтомдорун жана көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүү иштери жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кенешинин төрагасынын орун басары Осмонов Адилет Нарынбековичке жүктөлсүн.

Төрага

Абдрасулов У.Б.
