# Терек айылдык кеңешинин 2014-жылдын 16-апрелиндеги № XIV/3 "Имараттын почта байланыш түйүнү жайгашкан бөлүгүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Терек айылдык кеңешинин 2014-жылдын 16-апрелиндеги № XIV/3 "Имараттын почта байланыш түйүнү жайгашкан бөлүгүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XIV/3
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-20624/edition/624104/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терек айылдык кеңешинин 2014-жылдын 16-апрелиндеги № XIV/3 "Имараттын почта байланыш түйүнү жайгашкан бөлүгүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (16.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223237

---

ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Терек айылдык Кеңешинин XVI сессиясы

2014-жылдын 16-апрели № XIV/3 Имараттын почта байланыш түйүнү жайгашкан бөлүгүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 13-январындагы «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндөгү» жарлыгы менен бекитилген Улуттук стратегиясы боюнча «алыскы райондордо банктык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана төлөм системасын колдоо үчүн Почта банкын түзүү долбоорун жүзөгө ашыруу башталат» деген талаптарын турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 2-майындагы №260 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик почта байланышынын абалы жана келечектеги өнүгүшү жөнүндөгү» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамынын 18-беренесине ылайык айылдын жашоочуларын пенсия, пособие, компенсациялар менен тейлеп, социалдык жактан кызматтарды көрсөтүп жаткандыгына байланыштуу Терек айылындагы айыл өкмөтүнүн балансасындагы имараттын 30 м2 аянты «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүлүп берилсин.

2. Почта байланыш түйүнү жайгашкан имараттын тийиштүү бөлүгүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына откөрүп берүү жумуштарын турмушка ашыруу жагы Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Казиевге тапшырылсын.

Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы

Ж. Ажиева
