# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2014-жылдын 17-декабрындагы № 82/Х1-26 "2015-жылдын 1-январынан баштап турак жай тилкелерине, айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге чөлкөмдүк коэффициенттерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2014-жылдын 17-декабрындагы № 82/Х1-26 "2015-жылдын 1-январынан баштап турак жай тилкелерине, айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге чөлкөмдүк коэффициенттерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82/Х1-26
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-20569/edition/622087/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2014-жылдын 17-декабрындагы № 82/Х1-26 "2015-жылдын 1-январынан баштап турак жай тилкелерине, айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге чөлкөмдүк коэффициенттерди бекитүү жөнүндө" токтому (17.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223100

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 17-декабрь 2014-жыл № 82/Х1-26 2015-жылдын 1-январынан баштап турак жай тилкелерине, айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге чөлкөмдүк коэффициенттерди бекитүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 338-339-беренелеринин негизинде “01.01.2015-жылдан баштап жергиликтүү салыктарды, жер тилкелерине, айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге чөлкөмдүк коэффициенттерди бекитүү жөнүндө” маселени карап жана талкуулап АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛДЫ :

1. Ак-Кудук айылдык округунун аймагында турак жай жерлери жана бакча-огород тилкелери үчүн К1=1, айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге салыктын эсеби үчүн К1=1 чөлкөмдүк коэффициенти бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигинде бул токтомду Ак-Кудук айыл өкмөтү каттатсын.

3. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн салык инспектору ушул токтомду колдонмо кылып турак-жай жана бакча-огород тилкелери жана айыл чарбага белгиленген жана айыл чарбага белгиленбеген жерлерге жер салык эсебин жүргүзсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Ак-Кудук айылдык округунун Айылдык кеңешинин төрагасы

И.И.Боров.
