# 6-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик программалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 6-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-6

---

1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу үчүн улуттук жана региондук программалар иштелип чыгат.

Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан улуттук программалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат.

2. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан региондук программалар жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан иштелип чыгат жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылат.

3. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан мамлекеттик программаларды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-7)
