# 3-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 3-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-3

---

1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

нормалоо принциби-иондоштуруучу нурлануунун бардык булактарынан жарандардын нурланышынын жекече дозасынын жол берилген чегинен ашпоо; негиздөө принциби-адам жана коом үчүн алынган пайда табигый радиациялык фонго кошумча нурлануудан улам келтирилген мүмкүн болгон зыяндын тобокелинен ашпаган учурда иондоштуруучу нурлануунун булактарын колдонуу боюнча иштин бардык түрлөрүнө тыюу салуу; ылайыктуулук принциби-экономикалык жана социалдык факторлорду эске алуу менен иондоштуруучу нурлануунун ар кандай булагын колдонууда нурлануунун жеке дозасын жана нурланып жаткан адамдардын санын мүмкүн болушунда төмөн жана жеткиликтүү деңгээлде кармоо; ачыктык принциби-калк жашаган аймакта иондоштуруучу нурлануу, ошондой эле болгон радиациялык кырсыктар жөнүндө маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү.

2. Радиациялык кырсык учурунда калктын радиациялык коопсуздук системасы төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча болжолдонгон иш-чаралар зыянга караганда пайданы көбүрөөк алып келүүгө жана толук болууга тийиш; радиациялык кырсыктын залалдарын жоюу боюнча иштердин түрлөрү жана масштабы аталган иш келтире турган зыянды кошпогондо иондоштуруучу нурлануунун дозасын азайтуудан алынган пайда максималдуу болгудай жүзөгө ашырылышы керек.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-4)
