3-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу принциптери
Күчүндө · 01.08.2025 редакциясы · I бөлүм
1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
нормалоо принциби-иондоштуруучу нурлануунун бардык булактарынан жарандардын нурланышынын жекече дозасынын жол берилген чегинен ашпоо; негиздөө принциби-адам жана коом үчүн алынган пайда табигый радиациялык фонго кошумча нурлануудан улам келтирилген мүмкүн болгон зыяндын тобокелинен ашпаган учурда иондоштуруучу нурлануунун булактарын колдонуу боюнча иштин бардык түрлөрүнө тыюу салуу; ылайыктуулук принциби-экономикалык жана социалдык факторлорду эске алуу менен иондоштуруучу нурлануунун ар кандай булагын колдонууда нурлануунун жеке дозасын жана нурланып жаткан адамдардын санын мүмкүн болушунда төмөн жана жеткиликтүү деңгээлде кармоо; ачыктык принциби-калк жашаган аймакта иондоштуруучу нурлануу, ошондой эле болгон радиациялык кырсыктар жөнүндө маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү.
2. Радиациялык кырсык учурунда калктын радиациялык коопсуздук системасы төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча болжолдонгон иш-чаралар зыянга караганда пайданы көбүрөөк алып келүүгө жана толук болууга тийиш; радиациялык кырсыктын залалдарын жоюу боюнча иштердин түрлөрү жана масштабы аталган иш келтире турган зыянды кошпогондо иондоштуруучу нурлануунун дозасын азайтуудан алынган пайда максималдуу болгудай жүзөгө ашырылышы керек.
Берененин тексти 01.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/223/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>