# 24-статья. Иондоштуруучу нурлануусу менен шартталган, ошондой эле радиациялык кырсыктан улам өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун жана тарткан чыгымдын ордун толтуртууга жарандардын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 24-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-24

---

1. Жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык негизги дозанын чеги белгиленген санитардык нормалардан ашык иондоштуруучу нурлануу менен шартталгандан улам өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун жана (же) алар тарткан чыгымдын ордун толтуртууга укуктуу.

2. Радиациялык кырсык болгон учурда жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун жана алар тарткан чыгымдын ордун толтуртууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-25)
