# 20-статья. Радиациялык кырсыктын залалдарын жоюу үчүн тартылган жарандардын нурлануусунун пландуу түрдө жогорулашы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 20-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-20

---

1. Радиациялык кырсыктын залалдарын жоюуга тартылган жарандардын нурлануусунун пландуу түрдө жогорулашына алардын ыктыярдуу макулдугу менен нурлануунун мүмкүн болуучу дозасы жана ден соолукту тобокелге салуу жөнүндө алдын ала маалымдоо менен өмүрүндө бир ирет жол берилет.

2. Радиациялык кырсыктын залалдарын жоюуга тартылган жарандарды окутуу кызматкерлер (персоналдар) үчүн окутуунун негизги гигиеналык нормативдеринин орточо жылдык ченеминен 10 эседен ашпоого тийиш.

3. Аталган иштерди аткарууга тартылган адамдардын өтө жогору тобокелге баргандыгы үчүн жана радиациялык таасир тийгизүүдөн адамдардын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруунун түрлөрү жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-21)
