# 19-статья. Ион нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдардын радиациялык кырсык болгондо радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 марта 2014 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205275)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/223#diff=1112745..1112746>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 19-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-19

---

Радиациялык кырсык болгон учурда ион нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдар: кызматкерлерди (персоналдарды) жана калкты радиациялык кырсыктан жана анын залалдарынан коргоо боюнча иш-чараларды аткарууну камсыз кылууга; өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияны, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, нурлануу жогору болушу мүмкүн болгон аймактагы калкты радиациялык кырсык жөнүндө маалымдар кылууга; радиациялык кырсыктан жапа чеккендерге медициналык жардам көрсөтүү боюнча чара көрүүгө; радиоактивдүү булгануу очокторун жоюу жана радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөгө таркашын болтурбоого; анализ алып жана радиациялык кырсыктын өнүгүшүн жана радиациялык кырсык болгондо радиациялык кырдаалдын өзгөрүшүн болжолдоого; радиациялык кырсык жоюлгандан кийин ион нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдардын аймагында радиациялык кырдаалды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. (КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-20)
