19-статья. Ион нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдардын радиациялык кырсык болгондо радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттери
Күчүндө · 01.08.2025 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 марта 2014 года № 53
Радиациялык кырсык болгон учурда ион нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдар: кызматкерлерди (персоналдарды) жана калкты радиациялык кырсыктан жана анын залалдарынан коргоо боюнча иш-чараларды аткарууну камсыз кылууга; өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияны, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, нурлануу жогору болушу мүмкүн болгон аймактагы калкты радиациялык кырсык жөнүндө маалымдар кылууга; радиациялык кырсыктан жапа чеккендерге медициналык жардам көрсөтүү боюнча чара көрүүгө; радиоактивдүү булгануу очокторун жоюу жана радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөгө таркашын болтурбоого; анализ алып жана радиациялык кырсыктын өнүгүшүн жана радиациялык кырсык болгондо радиациялык кырдаалдын өзгөрүшүн болжолдоого; радиациялык кырсык жоюлгандан кийин ион нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдардын аймагында радиациялык кырдаалды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. (КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 марта 2014 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.03.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…залалдарынан коргоо боюнча иш-чараларды аткарууну камсыз кылууга;
кошулду: өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу алынып салынды: жагында кошулду: чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик алынып салынды: көзөмөлдү жана контролду жүргүзгөн мамлекеттик бийлик органдарын, кошулду: органдын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияны, жергиликтүү өз … кырдаалды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
кошулду: (КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/223/st-19" title="19-статья - Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>