# 16-статья. Медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүдө жарандардын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 16-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-16

---

1. Медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүдө жарандарды (оорулууларды) коргоо каражаттарын колдонуу керек.

Медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүдө жарандардын (оорулуулардын) нурлануу дозасы радиациялык коопсуздук жагындагы нормаларга ылайык келиши керек.

2. Жарандын (оорулуунун) талабы боюнча ал алышы мүмкүн болгон же алган нурлануу дозасы жөнүндө жана медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүнүн мүмкүн болуучу залалдары жөнүндө толук маалымат берилиши керек.

3. Жаран (оорулуу) эпидемиологиялык жактан коркунучтуу ооруну аныктоо максатында өткөрүлгөн алдын алуу изилдөөлөрүнөн тышкары медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүдөн баш тартууга акылуу.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-17)
