# 15-статья. Табигый радионуклиддердин таасири астында радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 15-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-15

---

1. Турак жайларда жана өндүрүштүк жайларда калктын жана кызматкерлердин табигый радионуклиддер менен нурлануусу белгиленген нормадан ашпоого тийиш.

2. Калкты жана кызматкерлерди табигый радионуклиддерден коргоо максатында төмөнкүлөр жасалууга тийиш:

имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участкаларын гамма-нурлануунун деңгээлин эске алуу менен тандоо; табигый радионуклиддердин жана гамма-нурлануунун катышынын деңгээлин эске алуу менен курулуш материалдарын өндүрүштүк контролдоо, имараттарды жана курулуштарды пайдаланууга кабыл алуу; табигый радионуклиддердин гамма-нурлануунун катышынын деңгээлин эсепке алуу менен имараттарды жана жайларды эксплуатациялоо.

3. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарына жооп бербеген курулуш материалдар менен буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-16)
