# 13-статья. Иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иш жүргүзүүдө радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 августа 2025 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.08.2025 [Закон КР от 1 августа 2025 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029987); 18.06.2021 [Закон КР от 18 июня 2021 года № 72 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике",("О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112256); 28.03.2014 [Закон КР от 28 марта 2014 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205275)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/223#diff=1112747..35494>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 13-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-13

---

Иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иш жүргүзүүдө уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү: радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан бул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого; радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана жүзөгө ашырууга; адамдын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иондоштуруучу нурлануунун булактары болуп саналган жаңы (өркүндөтүлүп жаткан) продукциянын, материалдардын жана заттардын, технологиялык процесстердин жана өндүрүштөрдүн радиациялык коопсуздугун негиздөө боюнча иштерди жүргүзүүгө; жумуш орундарындагы, имарат-жайлардагы, уюмдардын аймактарындагы, санитардык-коргоо зоналарындагы жана байкоо жүргүзүү зоналарындагы радиациялык кырдаалга, ошондой эле радиоактивдүү заттардын сыртка ташталышына жана агып чыгышына туруктуу өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырууга; кызматкерлердин нурлануусунун жекече дозаларына контролдук кылууга жана эсепке алууга; иондоштуруучу нурлануунун булактары жагынан иштерди туруктуу же убактылуу аткарган өндүрүштүк контролдоо кызматтарынын жетекчилерин жана иштерди аткаруучуларын, адистерин, башка адамдарды радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча даярдоого жана аттестациялоого; кызматкерлерге (персоналдарга) алдын ала (жумушка кирип жатканда) жана мезгил-мезгили менен медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштурууга; кызматкерлердин (персоналдардын) иш ордундагы иондоштуруучу нурлануунун деңгээли жөнүндө жана алар дуушарланган иондоштуруучу нурлануунун чоңдугу жөнүндө аларга дайыма маалымдап турууга; радиациялык коопсуздукка коркунуч келтирген кырсыктуу кырдаалдар жөнүндө, техникалык регламентти бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга өз учурунда маалымдоого; радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токтомдорун, милдеттендирүүчү каттарын аткарууга; радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагындагы жарандардын укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу; илимдин, техниканын жана технологиянын жаңы жетишкендиктерин колдонуу менен технологиялык процессти жана өндүрүштү өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө. (КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53, 2021-жылдын 18-июнундагы N 72, 2025-жылдын 1-августундагы N 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-14)
