13-статья. Иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иш жүргүзүүдө радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар
Күчүндө · 01.08.2025 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 августа 2025 года № 187
Иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иш жүргүзүүдө уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү: радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан бул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого; радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана жүзөгө ашырууга; адамдын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иондоштуруучу нурлануунун булактары болуп саналган жаңы (өркүндөтүлүп жаткан) продукциянын, материалдардын жана заттардын, технологиялык процесстердин жана өндүрүштөрдүн радиациялык коопсуздугун негиздөө боюнча иштерди жүргүзүүгө; жумуш орундарындагы, имарат-жайлардагы, уюмдардын аймактарындагы, санитардык-коргоо зоналарындагы жана байкоо жүргүзүү зоналарындагы радиациялык кырдаалга, ошондой эле радиоактивдүү заттардын сыртка ташталышына жана агып чыгышына туруктуу өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырууга; кызматкерлердин нурлануусунун жекече дозаларына контролдук кылууга жана эсепке алууга; иондоштуруучу нурлануунун булактары жагынан иштерди туруктуу же убактылуу аткарган өндүрүштүк контролдоо кызматтарынын жетекчилерин жана иштерди аткаруучуларын, адистерин, башка адамдарды радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча даярдоого жана аттестациялоого; кызматкерлерге (персоналдарга) алдын ала (жумушка кирип жатканда) жана мезгил-мезгили менен медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштурууга; кызматкерлердин (персоналдардын) иш ордундагы иондоштуруучу нурлануунун деңгээли жөнүндө жана алар дуушарланган иондоштуруучу нурлануунун чоңдугу жөнүндө аларга дайыма маалымдап турууга; радиациялык коопсуздукка коркунуч келтирген кырсыктуу кырдаалдар жөнүндө, техникалык регламентти бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга өз учурунда маалымдоого; радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токтомдорун, милдеттендирүүчү каттарын аткарууга; радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагындагы жарандардын укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу; илимдин, техниканын жана технологиянын жаңы жетишкендиктерин колдонуу менен технологиялык процессти жана өндүрүштү өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө. (КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53, 2021-жылдын 18-июнундагы N 72, 2025-жылдын 1-августундагы N 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 августа 2025 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июня 2021 года № 72 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике",("О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 марта 2014 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
01.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…техникалык регламентти бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнө, кошулду: Министрлер Кабинетине, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү … кылуу тармагындагы жарандардын укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз алынып салынды: кылуу.
кошулду: кылуу;
илимдин, техниканын жана технологиянын жаңы жетишкендиктерин колдонуу менен технологиялык процессти жана өндүрүштү өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө.
(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53, 2021-жылдын 18-июнундагы N алынып салынды: 72 кошулду: 72, 2025-жылдын 1-августундагы N 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/223/st-13" title="13-статья - Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>