# 12-статья. Радиациялык коопсуздуктун абалын баалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 12-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-12

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле иондошкон нурлануу булактарын пайдалануу менен ишкердик кылышкан уюмдар радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында чечимдерди кабыл алууда, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу жана өткөрүү алдында радиациялык коопсуздукка баа берүү жүргүзүлөт.

2. Радиациялык коопсуздукка баа берүү төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча:

айлана-чөйрөнү радиоактивдүү булгоолорду мүнөздөө; радиациялык коопсуздук тармагындагы аткаруу ченемдерине жана эрежелерине гигиеналык ченемдерге жана радиациялык коопсуздук боюнча иш-чараларды камсыз кылууга талдоо жүргүзүү; радиациялык кырсыктар жана алардын камтыган чөйрөсүнө божомолдоо; радиациялык кырсыктардын жана алардын кесепеттерин жоюунун натыйжалуулугунун даярдык даражасын аныктоо; иондошкон нурлануунун бардык булактарынан калктын айрым топторунун алган нурланууларынын дозасын талдоо; белгиленген дозанын чегинен жогору нурланууга дуушар болгон адамдардын саны боюнча жүзөгө ашырылат. Баалоолордун жыйынтыгы жыл сайын уюмдардын, аймактардын экологиялык паспортуна жазылат.

IV-бөлүм Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы талаптар

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-13)
