11-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Күчүндө · 01.08.2025 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 августа 2025 года № 187
1. Өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
2) күчтүү радиоактивдүү булганууга дуушар болгон объекттерде радиациялык коопсуздуктун абалына эксперттик баа берүү;
2-1) радиациялык авариялардын кесепеттерин жоюу учурунда тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын иштерин координациялоо;
3) радиациялык кырсыктардын келип чыгуу коркунучтары болгон учурда ыкчам иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
4) тиешелүү аймактардагы радиациялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
5) тиешелүү аймакта радиациялык жагдай жөнүндө калкка маалымдоо;
6) өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлерди жана кен таштандыларын калыбына келтирүү боюнча реабилитациялык программаларды радиациялык коопсуздуктун эл аралык критерийлерине ылайык иштеп чыгуу;
7) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо, радиоактивдүү калдыктарды көмүү жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
8) радиациялык коопсуздуктуу камсыз кылуу жаатында чет өлкөлөрдүн оң тажрыйбасын изилдөө, талдоо жана жайылтуу.
2. Саламаттыкты сактоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
1-1) өз ыйгарым укуктарынын чегинде радиациялык коопсуздукка мамлекеттик контролду уюштуруу;
2) иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иштөө боюнча гигиеналык нормативдерге, эрежелерге тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
3) тиешелүү аймактарда радиациялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды макулдашуу;
4) тиешелүү аймактагы радиациялык жагдай менен шартталган саламаттык абалы жөнүндө калкка маалымдоо;
5) тиешелүү аймакта радиациялык жагдайды контролдоо жана калктын нурлануу дозасын эсепке алуу;
5-1) мамлекеттик санитардык-гигиеналык экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу;
6) иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иштөө боюнча гигиеналык ченемдер, эрежелер чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
7) радиациялык кырсык келип чыккан учурда калкты коргоо боюнча иш-чараларга зарыл болгон күчтөрдүн жана каражаттардын даярдануусун жана катышуусун камсыз кылуу;
8) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында чет өлкөлөрдүн оң тажрыйбасын изилдөө, талдоо жана жайылтуу.";
3. Экология жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) айлана-чөйрөнүн радиоактивдүү булганышынын мониторинги;
3) иондоштуруучу нурлануу булагын өндүрүүчү, пайдалануучу, кайра иштеп чыгуучу жана керектен чыгаруучу уюмдарды. мекемелерди, анын ичинде коргонуу маанисиндегилерди тиешелүү аймакка жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу;
4) тиешелүү аймакта радиациялык жагдай жөнүндө калкка маалымдоо;
5) радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу;
6) радиациялык коопсуздук жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
7) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жана эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу.
4. Геология жана минералдык ресурстар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды ишке ашырууга көмөктөшүү;
2) өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздук бөлүгүндө кен профилиндеги иштердин долбоорлорун экспертизалоо;
3) иондоштуруучу нурлануу булагын өндүрүүчү, кайра иштеп чыгуучу жана керектен чыгаруучу тоо-кен казып алуучу өндүрүштүн уюмдарын, мекемелерин тиешелүү аймакка жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу.
5. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык кырсыктын натыйжасында нурланууга туш болгон калкка жардам көрсөтүүнү контролдоо;
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;
3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ченемдик документтердин талаптарынын сакталышына контролдоону жүзөгө ашыруу;
4) уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлердин радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштелип чыккан иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында турган уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлерди жана кен таштандыларынын абалын контролдоо;
6) иондоштуруучу нурлануу булагын өндүрүүчү, пайдалануучу кайра иштеп чыгуучу жана керектен чыгаруучу уюмдарды, мекемелерди, анын ичинде коргонуу маанисиндегилерди тиешелүү аймакка жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
8) радиактивдүү материалдарды тиешелүү аймакка алып келүүнү, аларды тиешелүү аймактын чегинен тышкары алып кетүүнү жана алардын транзитин контролдоо;
9) радиоактивдүү заттарды ташууну, сактоону, пайдаланууну жана көмүүнү контролдоо;
10) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык кырсыктардын келип чыгуу коркунучу болгон учурда ыкчам иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүү;
2) тиешелүү аймактардагы радиациялык авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү;
3) тиешелүү аймактарда радиациялык коопсуздук маселелери боюнча чечимдерге катышуу жана макулдук берүү;
4) тиешелүү аймактардагы радиациялык кырдаал жөнүндө калкка маалымдоо;
5) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
7. Бажы иши жана чек ара контролу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы тиешелүү өткөрүү пункттарында радиациялык контролду жүзөгө ашыруу кирет.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы радиациялык авариялардын жана алардын кесепеттеринин алдын алуу, локалдаштыруу боюнча иш-чараларда өз күчтөрүнүн жана каражаттарынын колдонулушун камсыз кылат.
Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган радиациялык авариялардын жана алардын кесепеттеринин алдын алуу, локалдаштыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылат. (КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53, 2025-жылдын 1-августундагы N 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 августа 2025 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 марта 2014 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 18.02.2020 · № 91
- Обобщение судебной практики по рассмотрению судами материалов об обжаловании постановлений уполномоченных органов по делам о правонарушениях в сфере охраны окружающей среды за…Обзор судебной практики · 02.07.2026
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/223/st-11" title="11-статья - Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>