# 10-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 августа 2025 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.08.2025 [Закон КР от 1 августа 2025 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029987); 18.06.2021 [Закон КР от 18 июня 2021 года № 72 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике",("О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112256); 28.03.2014 [Закон КР от 28 марта 2014 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205275)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/223#diff=1112747..35494>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 10-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-10

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: 1 ) калктын, айлана-чөйрөнүн радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу;

2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо;

3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу мамлекеттик органды аныктоо;

4) өз компетенциясынын чектеринде радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо, анын ичинде:

a) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаны кабыл алуу;

б) радиоактивдүү булганган зоналарда калктын жашоосунун өзгөчө режимдерин киргизүү;

в) жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн жогорку тобокелдиги жана алардын мүлкүнө радиациялык таасир көрсөтүү менен шартталган зыян келтиргендик үчүн компенсациялардын түрлөрүн жана өлчөмдөрүн аныктоонун тартибин белгилөө;

г) радиациялык кырсыктын натыйжасында жарандардын ден соолугуна келтирилген зыяндын жана алардын мүлкүнө келтирилген чыгымдардын ордун толтуруунун тартибин белгилөө.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53, 2021-жылдын 18-июнундагы N 72, 2025-жылдын 1-августундагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-11)
