# 1-статья. Негизги түшүнүктөрдүн аныкталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/223)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 58 "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 августа 2025 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/223#diff=1112747..35494>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-210/edition/1112743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/223/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө, 1-статья (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-1

---

Ушул Мыйзамдын статьяларында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: калктын радиациялык коопсуздугу (мындан ары - радиациялык коопсуздук) - адамдардын азыркы жана келечек муундарынын, айлана-чөйрөнүн иондоштуруу нурлануунун зыяндуу таасиринен корголушунун абалы. Радиациялык коопсуздук адамдын, коомдун, мамлекеттин коопсуздугунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана укуктук, уюштуруучулук, инженер-техникалык, санитардык-гигиеналык, медициналык, тарбиялык жана билим берүү мүнөзүндөгү чаралардын комплексин ишке ашыруунун эсебинен камсыз кылынат; иондоштуруучу нурлануу - радиоактивдүү бөлүнүү, ядролук өзгөрүү, заттардагы нурланган бөлүкчөлөр токтогон учурда түзүлүүчү нурлануу жана ал чөйрө менен өз ара аракеттенгенде ар кандай белгидеги иондорду пайда кылат; табигый радиациялык фон - иондоштуруучу нурлануунун дозасы, ал космостук нурлануунун жана табигый бөлүнгөн жаратылыш радионуклиддеринин нурлануусунун аркасында жерде, сууда, тамак-аш азыктарында, биосферанын башка элементтеринде жана адамдын организминде пайда болот; техногендик жактан өзгөрүлгөн радиациялык фон - адамдын иш-аракетинен улам өзгөрүлгөн табигый радиациялык фон; радионуклиддер - энергиянын гамма-кванттар, электр менен заряддалган бета бөлүкчө же альфа бөлүкчө, же нейтрондор түрдө бөлүнүп чыгышынан улам ядросу өз алдынча түшүп калуучу атомдор; натыйжалуу доза - радиосезимталдыгын эске алуу менен адамдын бүткүл жана анын айрым органдарынын нур алышынын соңку кесепеттери келип чыгышынын тобокелдик өлчөмү катары колдонулуучу нурлануунун иондошкон таасиринин чоңдугу; радиоактивдүү булгануу - жеке дозасы жылына 0,001 зиверттен ашуун нурланууга алып келүүчү мүмкүн болгон техногендик радионуклиддердин айлана-чөйрөдө болуусу; иондошкон нурланууга туштугуу - иондоштуруучу нурлануунун биологиялык объектилерге таасири, ал организмден тышкары турган булактардагы тышкы таасир этүүдөн же анын организмине кирген булактардагы ички таасир этүүдөн болушу мүмкүн; санитардык-коргоо зонасы - аталган булакты тийиштүү шартта адамдардын нурлануу деңгээлинде иштетип, пайдалануу калк үчүн нурлануу дозасынын белгиленген чегинен ашып түшүүсү мүмкүн болгон иондошкон нурлануу булагынын айланасындагы аймак. Санитардык коргоо зонасында адамдардын туруктуу жана убактылуу жашоосуна тыюу салынат, чарба иш жүргүзүү режимин чектөө киргизилет жана радиациялык контроль жүргүзүлөт; байкоо жүргүзүү зонасы - санитардык коргоо зонасынын чегинен тышкары жердеги радиациялык контроль жүргүзүүчү аймак; кызматкер - иондоштуруучу нурлануунун булактары менен түздөн-түз туруктуу же убактылуу иштеген адам; радиациялык кырсык - иондоштуруучу нурлануунун булагын башкарууну колдон чыгаруу, ал жабдуунун бузуктугунан, кызматкердин (персоналдын) туура эмес иш-аракетинен, жаратылыш кырсыктарынан же башка себептерден улам келип чыгат, булар адамдардын демейдегиден башкача нурлануусуна же айлана-чөйрөнүн чегинен ашыкча радиоактивдүү булганышына алып келиши мүмкүн же алып келет. иондоштуруучу нурлануунун булагы - иондоштуруучу нурланууну чыгаруучу же чыгарууга жөндөмдүү болгон зат же түзүлүш; мониторинг - адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкарууга алынган чечимдерди негиздөө үчүн жумуш орундарында да, ошол сыяктуу эле айлана-чөйрөдө да радиологиялык жана башка параметрлерге туруктуу же мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүү тутуму; иондоштуруучу нурлануунун булактары, радиоактивдүү заттар жана калдыктар менен иштөө - иондоштуруучу нурлануунун булактарын, радиоактивдүү заттарды жана калдыктарды пайдалануу, ташуу, сактоо, көмүү менен байланышкан иш, ошондой эле мыйзам актыларында каралган иондоштуруучу нурлануунун булактары менен байланышкан иштин башка түрлөрү; радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - радиациялык жана ядролук коопсуздукту, радиоактивдүү калдыктардын коопсуздугун жана радиоактивдүү заттарды ташуу коопсуздугун жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу орган. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануунун булактарын, ошондой эле радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), сактоо, пайдалануу, көмүү, жок кылуу жана утилдештирүү боюнча ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат. (КР 2025-жылдын 1-августундагы № 187 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/223/st-2)
