# Өзгөн шаардык кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 16/1 “Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер О. Мусаевтин, Ш. Турдуевтин жана С. Накыевтин мандатын бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Өзгөн шаардык кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 16/1 “Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер О. Мусаевтин, Ш. Турдуевтин жана С. Накыевтин мандатын бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16/1
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/222918>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-20462/edition/625792/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөн шаардык кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 16/1 “Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер О. Мусаевтин, Ш. Турдуевтин жана С. Накыевтин мандатын бекитүү жөнүндө” токтому (24.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/222918

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Өзгөн шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы

2014-жылдын 24-декабры № 16/1 “Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер О. Мусаевтин, Ш. Турдуевтин жана С. Накыевтин мандатын бекитүү жөнүндө” Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 27 чечимин бекитүү тууралуу» 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомунун 2-тиркемесине ылайык КСДП партиясынан Мусаев Ойбек Анварбекович, Турдуев Шухратбек Хабибуллаевич, «Ата-Мекен» социалисттик партиясынан Накыев Сейитбек Талайбековичтер Өзгөн шаардык кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылсын жана алардын депутаттык мандаты бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомунун 1-тиркемесине ылайык КСДП партиясынын тизмеси боюнча шайланган Шоробидинов Абзалидин жана Тиллабаев Юлдашбай Кочкорович, «Ата-Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси боюнча шайланган Тешебаев Хусан Гулямовичтердин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Өзгөн шаардык Кеңешинин төрагасы

А. Насиров
