# Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2006-жылдын 21-ноябрындагы №552 Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2006-жылдын 21-ноябрындагы №552 Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 552
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4920/edition/299609/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2006-жылдын 21-ноябрындагы №552 Буйругу (22.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22278

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 21-ноябры № 552

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү,

телевизиондук жана радиосигналдар республиканын аймагын толук камтышын

камсыздоо үчүн мамлекеттик маалыматтык саясат жүргүзүү максатында,

"Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүү

концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

19-сентябрындагы N 681 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасында

телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүү концепциясына ылайык,

ошондой эле Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун сактоо үчүн

тиешелүү маселелердин комплексин изилдөө зарылдыгына байланыштуу:

1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

Үсөнов Д.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премь-

ер-министри, комиссиянын төрагасы;

Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-

паратынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы -

басма сөз кызматынын "электрондук өкмөттү" иш-

ке киргизүү боюнча секторунун башчысы;

Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

статс-катчысы;

Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы

министринин орун басары;

Бейшенов Ж.С. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни-

кациялар министринин орун басары;

Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-

каруу боюнча мамлекеттик комитетинин

статс-катчысы;

Молдокасымов К.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио-

берүү компаниясынын башкы директору;

Мамбеталиев М.М. - "Кыргызтелеком" акционердик коомунун башкарма-

сынын төрагасы (макулдашуу боюнча).

2. Комиссия:

- өз алдынча мамлекеттик ишкана катары "Кыргызтелеком" акционердик

коомунун курамынан телекөрсөтүү жана радионун радиорелейлик магистралы-

нын республикалык өндүрүштүк бирикмесин (РПО РМТР) бөлүү мүмкүнчүлүгүн

изилдесин;

- Кыргыз Республикасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндик, телеви-

зиондук жана үндүк берүүлөрдүн мамлекеттик тармагын, ошондой эле Кыргыз

Республикасында маалыматтык инфраструктура түзүү механизмдерин иштеп

чыксын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2006-жылдын 20-ноябрына чейин

сунуш киргизсин.

3. Комиссия адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана консуль-

танттарды ишке тартууга, ошондой эле жумушчу топ түзүүгө укуктуу.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы -

басма сөз кызматына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
