Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин Буйругу
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 21-ноябры № 552
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү,
телевизиондук жана радиосигналдар республиканын аймагын толук камтышын
камсыздоо үчүн мамлекеттик маалыматтык саясат жүргүзүү максатында,
"Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүү
концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
19-сентябрындагы N 681 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасында
телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүү концепциясына ылайык,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун сактоо үчүн
тиешелүү маселелердин комплексин изилдөө зарылдыгына байланыштуу:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Үсөнов Д.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премь-
ер-министри, комиссиянын төрагасы;
Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы -
басма сөз кызматынын "электрондук өкмөттү" иш-
ке киргизүү боюнча секторунун башчысы;
Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
статс-катчысы;
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы
министринин орун басары;
Бейшенов Ж.С. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни-
кациялар министринин орун басары;
Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-
каруу боюнча мамлекеттик комитетинин
статс-катчысы;
Молдокасымов К.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио-
берүү компаниясынын башкы директору;
Мамбеталиев М.М. - "Кыргызтелеком" акционердик коомунун башкарма-
сынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Комиссия:
- өз алдынча мамлекеттик ишкана катары "Кыргызтелеком" акционердик
коомунун курамынан телекөрсөтүү жана радионун радиорелейлик магистралы-
нын республикалык өндүрүштүк бирикмесин (РПО РМТР) бөлүү мүмкүнчүлүгүн
изилдесин;
- Кыргыз Республикасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндик, телеви-
зиондук жана үндүк берүүлөрдүн мамлекеттик тармагын, ошондой эле Кыргыз
Республикасында маалыматтык инфраструктура түзүү механизмдерин иштеп
чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2006-жылдын 20-ноябрына чейин
сунуш киргизсин.
3. Комиссия адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана консуль-
танттарды ишке тартууга, ошондой эле жумушчу топ түзүүгө укуктуу.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы -
басма сөз кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы №468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 22.08.2008 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №681 "Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2006 · № 681 · Күчүн жоготкон