# Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2006-жылдын 14-августундагы №473 Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2006-жылдын 14-августундагы №473 Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 473
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4919/edition/299607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2006-жылдын 14-августундагы №473 Буйругу (22.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22277

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 14-августу № 473

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасында "Электрондук Өкмөт" концепциясын ишке ашы-

руунун алкагында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу

менен жарандык коомго мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр системасын

өркүндөтүү максатында:

1. Ведомстволор аралык жумушчу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Табылдиев Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин

милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык жумушчу

топтун төрагасы;

Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-

ратынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы -

басма сөз кызматынын "Электрондук Өкмөттү" ишке

киргизүү боюнча секторунун башчысы;

Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

статс-катчысы;

Бейшенов С.Ж. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника-

циялар министринин орун басары;

Дүйшөмбиев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалы-

маттык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик

агенттигинин статс-катчысы;

Ибраимова А.С. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо минист-

ринин орун басары, Медициналык камсыздандыруу

фондунун башкы директору;

Субанов Т.У. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин

орун басары;

Жусупова З.Ш. - ПРООНдун маалыматтык-коммуникациялык технология-

лар боюнча компонентинин координатору (макулда-

шуу боюнча);

Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жак-

тан коргоо министринин орун басары;

Аманалиева Ф.А. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төра-

гасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Шамканов К.К - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймыл-

сыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик

агенттиктин статс-катчысы.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:

- ИКТны колдонуу менен социалдык чөйрөдө жарандык коомго мамлекет-

тик кызматтарды көрсөтүү үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо

боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын;

- ИКТны колдонуу менен социалдык чөйрөдө жарандык коомго мамлекет-

тик кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жагынан

сунуштарды киргизсин;

- электрондук формада мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү

социалдык чөйрөдөгү акы төлөтүүчү жана акысыз кызмат көрсөтүүлөрдүн

тизмесин аныктасын;

- ведомстволор аралык маалыматтар базасын андан ары макулдашуу

үчүн бирдиктүү жеке идентификациялык номерди колдонууга киргизүү боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин;

- калкка электрондук формада кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик

органдардын, уюмдардын жана мекемелердин электрондук өз ара аракет-

тенүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын

тизмесин аныктасын;

- даректүү кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү үчүн мамлекет-

тик органдар тарабынан цифралык картографиялык маалыматтарды биргелешип

пайдалануу регламентин иштеп чыксын.

3. Ведомстволор аралык жумушчу тобуна мамлекеттик органдардын

адистеринин арасынан эксперттерди, көз карандысыз эксперттерди жана

консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы -

басма сөз кызматына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
