# Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2006-жылдын 12-апрелиндеги №218 Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2006-жылдын 12-апрелиндеги №218 Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4918/edition/299605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2006-жылдын 12-апрелиндеги №218 Буйругу (22.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22276

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 12-апрели № 218

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ

Маалыматтык коопсуздук боюнча талаптарды сактоону эске алуу менен

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө маалыматтык-коммуникациялык инф-

раструктураларды модернизациялоо жана маалыматтык-коммуникациялык кыз-

мат көрсөтүүдө бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:

Сатыбеков М.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-

ратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу

топтун жетекчиси;

Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-

ратынын маалыматтык-аналитикалык иштер жана коом-

дук байланыштар боюнча башкармалыгынын "электрон-

дук өкмөттү" ишке киргизүү жана маалыматташтыруу-

ну өнүктүрүү боюнча секторунун башчысы;

Сагымбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкарма-

лыгынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар

бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Артыкбаев Ж.М. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-

циялар министрлигинин байланыштар жана маалымат-

таштыруу башкармалыгынын начальниги;

Тен А.А. - "Кыргызтелеком" АКнын техникалык директору (ма-

кулдашуу боюнча);

Орозов Т.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-

ратынын курулуш, транспортту жана коммуникация-

ларды өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн эксперти;

Абдиев Д.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-

ратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюн-

ча бөчүмүнүн маалыматтык коопсуздук секторунун

эксперти;

Капаров М.Н. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-

ратынын реформаларды, мамлекеттик программаларды

жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздоо баш-

кармалыгынын эксперти.

2. Жумушчу топ:

- уюштурулган автоматтык телефондук станцияны (УАТС) ишке киргизүү

үчүн жана маалыматтык коопсуздук боюнча талаптарды эске алуу менен Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө Интернет тармагын пайдалануу боюнча

техникалык-экономикалык негиздеменин долбоорун иштеп чыксын;

- Кыргыз Республикасында "электрондук өкмөттү" ишке киргизүү мак-

сатында корпоративдик маалыматтык коммуникациялык инфраструктураларды

түзүү боюнча сунуштарды даярдасын;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ата мекендик жана чет

өлкөлүк инвесторлорду тартуу жөнүндө маселени иштеп чыксын;

- зарыл учурларда мамлекеттик органдардын адистерин, көз каранды-

сыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык-аналитикалык иштер жана ко-

омдук байланыштар боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
