Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин Буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 августа 2008 года № 468 "О Совете по информационно-коммуникационным технологиям при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-08-22.
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-апрели № 218
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
Маалыматтык коопсуздук боюнча талаптарды сактоону эске алуу менен
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө маалыматтык-коммуникациялык инф-
раструктураларды модернизациялоо жана маалыматтык-коммуникациялык кыз-
мат көрсөтүүдө бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Сатыбеков М.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-
ратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу
топтун жетекчиси;
Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-
ратынын маалыматтык-аналитикалык иштер жана коом-
дук байланыштар боюнча башкармалыгынын "электрон-
дук өкмөттү" ишке киргизүү жана маалыматташтыруу-
ну өнүктүрүү боюнча секторунун башчысы;
Сагымбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкарма-
лыгынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар
бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Артыкбаев Ж.М. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-
циялар министрлигинин байланыштар жана маалымат-
таштыруу башкармалыгынын начальниги;
Тен А.А. - "Кыргызтелеком" АКнын техникалык директору (ма-
кулдашуу боюнча);
Орозов Т.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-
ратынын курулуш, транспортту жана коммуникация-
ларды өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн эксперти;
Абдиев Д.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-
ратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюн-
ча бөчүмүнүн маалыматтык коопсуздук секторунун
эксперти;
Капаров М.Н. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-
ратынын реформаларды, мамлекеттик программаларды
жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздоо баш-
кармалыгынын эксперти.
2. Жумушчу топ:
- уюштурулган автоматтык телефондук станцияны (УАТС) ишке киргизүү
үчүн жана маалыматтык коопсуздук боюнча талаптарды эске алуу менен Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө Интернет тармагын пайдалануу боюнча
техникалык-экономикалык негиздеменин долбоорун иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасында "электрондук өкмөттү" ишке киргизүү мак-
сатында корпоративдик маалыматтык коммуникациялык инфраструктураларды
түзүү боюнча сунуштарды даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ата мекендик жана чет
өлкөлүк инвесторлорду тартуу жөнүндө маселени иштеп чыксын;
- зарыл учурларда мамлекеттик органдардын адистерин, көз каранды-
сыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык-аналитикалык иштер жана ко-
омдук байланыштар боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.