# КР Президентинин 2000-жылдын 27-мартындагы ПУ № 64 "Кыргыз Республикасында түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууга, сатып алууга жана сатууга контролдукту күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2000-жылдын 27-мартындагы ПУ № 64 "Кыргыз Республикасында түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууга, сатып алууга жана сатууга контролдукту күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-197/edition/852713/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2000-жылдын 27-мартындагы ПУ № 64 "Кыргыз Республикасында түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууга, сатып алууга жана сатууга контролдукту күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы (22.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2226

---

КР Президентинин 2017-жылдын 22-майындагы ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2000-жылдын 27-марты ПУ № 64 Кыргыз Республикасында түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууга, сатып алууга жана сатууга контролдукту күчөтүү жөнүндө Республиканын экономикасына кыйла зыян алып келген, телекоммуникация жана электр энергетика жабдууларын, каражаттарын уурдоолор көбөйгөндүгүнө, ошондой эле бул жагын тартипке салуу жөнүндө граждандардын кайрылууларына байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдар жана юридикалык жактар түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултушун, сатып алышын жана сатышын тартипке салуу боюнча иш-чаралардын планын он күндүк мөөнөттө иштеп чыксын.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте телекоммуникация жана энергетика жабдууларын, каражаттарын уурдоо фактыларын четтетүү үчүн күчөтүлгөн чараларды көрсүн.

3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

А.Акаев
