# Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 11-августундагы №389 ("Токтогул гидроэлектрстанцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө") Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 11-августундагы №389 ("Токтогул гидроэлектрстанцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө") Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 389
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4883/edition/299565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 11-августундагы №389 ("Токтогул гидроэлектрстанцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө") Буйругу (11.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22235

---

Бишкек шаары, Јкмјт Ійі

2007-жылдын 11-августу № 389

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ

"Токтогул гидроэлектрстанцияларынын каскадынын жана улуттук

жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" 2007-жылдын 30-июлундагы, "1 жана 2-Камбарата

гидроэлектрстанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун

жана менчиктештирүүнүн үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2007-жылдын 29-июнундагы № 2003-111

токтомуна ылайык алдын ала эсептөөлөр менен Бишкек шаарынын ТЭЦинин,

"Түндүк электр" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик

коомдорун (мындан ары -ААК), 1 жана 2-Камбарата

гидроэлектрстанцияларын менчиктештирүү формаларынын варианттарын

даярдоо максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу тобу түзүлсүн:

Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика

жана отун ресурстары министри, топтун

жетекчиси,

Бакиров С.К - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү

башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин

статс-катчысы,топтун жетекчисинин орун баары,

Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин

орун басары,

Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин

орун басары,

Жекшенов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык

өнүктүрүү министринин орун басары,

Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү

жана соода министринин орун басары,

Авазов С.А. - Кыргызстандын улуттук электр тармактары"

ААКынын башкы директору (макулдашуу боюнча),

Балкибеков С.Э. - "Электр тармактары" ААКынын башкы директору

(макулдашуу боюнча),

Васильев Л.А. - "Электр станциялары" ААКынын Бишкек шаарынын

ТЭЦинин директору (макулдашуу боюнча),

Осмонов Ш.К. - "Түндүк электр" ААКынын башкы директор

(макулдашуу боюнча),

Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

энергетика комплекси жана кен казып алуу

тармагы бөлүмүнүн башчысы.

2. Жумушчу тобу бир айлык мөөнөттө алдын ала эсептөөлөр менен

Бишкек шаарынын ТЭЦинин, "Түндүк электр" ААКын жана

"Бишкекжылуулуктармагы" ААКын, 1 жана 2-Камбарата

гидроэлектрстанцияларын менчиктештирүү формаларынын варианттарын

даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин. Зарыл учурларда

Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун

даярдасын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министр М.А.Исмаиловго тапшырылсын.

Премьер-министр А. Атамбаев
