# Алтын-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 10 “Бюджеттик мекемелердин жана айыл калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Алтын-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 10 “Бюджеттик мекемелердин жана айыл калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/222347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19968/edition/613888/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Алтын-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 10 “Бюджеттик мекемелердин жана айыл калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө” токтому (22.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/222347

---

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Алтын-Булак айылдык Кеңешинин IV сессиясынын III чакырылышы

2013-жылдын 22-ноябры № 10 “Бюджеттик мекемелердин жана айыл калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө” Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы -башкы бухгалтер Э.Маматовдун 2013-2014-жылдарынын күз-кыш мезгилине даярдыктар жөнүндөгү маалыматын угуп, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттөгү бюджеттик мекемелердин жана калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы, отун көмүр менен камсыз болуунун абалы боюнча баяндамасы маалымат катары кабыл алынсын.

2. Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Э.Маматов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 “ 2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, район тарабынан белгиленген лимиттен ашып кетпешин такай көзөмөлгө алсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин “ бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы

С. Саипов
