Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Алтын-Булак айылдык кеңешинин “Бюджеттик мекемелердин жана айыл калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө” токтому
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Алтын-Булак айылдык Кеңешинин IV сессиясынын III чакырылышы
2013-жылдын 22-ноябры № 10 “Бюджеттик мекемелердин жана айыл калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө” Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы -башкы бухгалтер Э.Маматовдун 2013-2014-жылдарынын күз-кыш мезгилине даярдыктар жөнүндөгү маалыматын угуп, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттөгү бюджеттик мекемелердин жана калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы, отун көмүр менен камсыз болуунун абалы боюнча баяндамасы маалымат катары кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Э.Маматов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 “ 2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, район тарабынан белгиленген лимиттен ашып кетпешин такай көзөмөлгө алсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин “ бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы
С. Саипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 "2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана…Постановление · 27.05.2013 · № 289 · Күчүн жоготкон