Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин “Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 85-токтомунун № 1-тиркемесине өзгөртүү жана № 3-тиркемесине толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин XXIV сессиясынын III чакырылышы 2014-жылдын 24-декабры № 248 “Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 85-токтомунун № 1-тиркемесине өзгөртүү жана № 3-тиркемесине толуктоо киргизүү жөнүндө” Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 19-ноябрындагы чыгыш 390/08-6 сандуу жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылдын 9-июлундагы чыгыш 2401/05-6 сандуу, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 85-токтомунун № 1-тиркемесиндеги Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөргө жана № 3-тиркемесиндеги Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасына өзгөртүү киргизип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 18-декабрындагы № 39-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 85-токтомунун № 1-тиркемесиндеги Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдөгү К1-функционалдык багыттардын коэффициентинин 7-пункту өзгөртүлүп, төмөндөгү редакцияда окулсун:
- Ош шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген банктар, акча алмаштыруучу жайлар, каруселдер, Масалиев кеңкөчөсү «Ареопаг» дүкөнүнүн жанындагы кичи маркеттер, ОшТУнун аскердик кафедрасынын жанындагы соода түйүндөр, ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин айланасындагы соода түйүндөр, тейлөө үйүнүн (дом быта) айланасындагы соода түйүндөр, Ленин көчөсү № 314 дарегиндеги «Халык-Банк», Курманжан Датка көчөсү № 180 дарегиндеги «Демир Банк» бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси 94 сомдон кем эмес болсун.
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 85-токтомунун № 3-тиркемесиндеги Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасындагы № 3-зонасына–«Амир-Тимур» кичи району; (С.Айни-Имам Ата көчөлөрү)» деген пункттан кийин «-Исанов көчөсүнүн эки тарабын, Ош мамлекеттик социалдык университетинен тартып троллейбустук каттамдын акыркы аялдамасына чейин (ОшТУ)» деген пункт менен толукталсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңештин төрагасы
У. Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.