# Бишкек шаардык кеӊешинин 2011-жылдын 11-мартындагы № 220 "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеӊешинин 2011-жылдын 11-мартындагы № 220 "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 220
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/222237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19859/edition/622332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/222237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеӊешинин 2011-жылдын 11-мартындагы № 220 "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому (11.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/222237

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-марты № 220 "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” Депутаттык корпустун өзгөргөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссияны өз убагында өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Комиссияга "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды даярдоого жана талдап чыгууга илимдин, маданияттын ишмерлерин, иш тармагы боюнча эмгеги сиңген шаардыктарды тартуу укугу берилсин.

3. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы N 32 "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары В.М.Лисниченкого жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу

В.М.Лисниченко

Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 11-мартындагы N 220 токтомуна тиркеме

"Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштард кароо боюнча комиссиясынын курамы

Комиссиянын төрагасы

-Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

Комиссиянын төрагасынын орун басары

-Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

Комиссиянын катчысы

-Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси.

Комиссиянын мүчөлөрү:

- Бишкек шаардык кенештик төрагасынын орун басары;

- Ленин райондук аймактыкдепутаттык топтун жетекчиси;

- Биринчи май райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси;

- Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси;

- Октябрь райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси;

- Бишкек шаардык кеңештик уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

- Бишкек шаардык кеңештик мандат, регламент, этика, укук маселери, жарандардын кызыкчылыктарын коргоо органдары менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

- Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.
