# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2014-жылдын 1-октябрындагы № 11 “Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2014-жылдын 1-октябрындагы № 11 “Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/222103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19725/edition/608193/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2014-жылдын 1-октябрындагы № 11 “Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому (01.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/222103

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI-сессиясы

2014-жылдын 1-октябры № 11 “Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Отуз-Адыр айылдыккеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ташматов Эмилбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүндө «Жаш мугалимдерди колдоо» беренесинде каралган 50 миң сом акча каражаты жолдомо менен келген жаш мугалимдер жок болгондугуна байланыштуу «Коммуналдык кызмат көрсөтүү» беренесине которулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Базибай уулу Асанбек)

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.(Э.Ташматов)

Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы

Базарбаев.С
