# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 8-июлундагы № 01-05/111 “Джумагулов Апас Джумагуловичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 8-июлундагы № 01-05/111 “Джумагулов Апас Джумагуловичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-05/111
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221998>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19620/edition/607063/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 8-июлундагы № 01-05/111 “Джумагулов Апас Джумагуловичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө” токтому (08.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221998

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы

2014-жылдын 8-июлу № 01-05/111 “Джумагулов Апас Джумагуловичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө”

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, Джумагулов Апас Джумагуловичке Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө «Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын башчысы Ж.Н.Жумашовдун жана кесиптик уюмунун төрагасы А.Б.Раимкуловдун жазган кайрылуу катын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча чаралары жөнүндө» 2001-жылдын 02-майындагы № 151 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтомуна, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1 пунктунун 23-пунктчасына ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Джумагулов Апас Джумагуловичке, Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.

2. Токтмодун аткарылышын камсыз кылуу жана сыйлоого кеткен чыгымдарды ишкананын эсебинен жүргүзүү «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчилигине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы

К.Д.Арстанбаева
