# Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014-жылдын 15-октябрындагы № 10 “Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин балансындагы кызматтык батир жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014-жылдын 15-октябрындагы № 10 “Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин балансындагы кызматтык батир жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221987>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19609/edition/604103/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014-жылдын 15-октябрындагы № 10 “Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин балансындагы кызматтык батир жөнүндө” токтому (15.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221987

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XVIII -сессиясы

2014-жылдын 15-октябры № 10 “Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин балансындагы кызматтык батир жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Турак-Жай Кодексинин 56-беренесине, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 18.08.2014-ж. чыг.№05-01/1701-катынын негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVIII-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин балансындагы Жалал-Абад шаары К.Республикасы көчөсү, 143-7 дарегинде жайгашкан кызматтык батирди КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин балансына өткөрүп берүүгө уруксат берилсин. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б.Джусупбеков) кызматтык батирди КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин балансына өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Казакбаев) милдеттендирилсин. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы

Н.Нишанов
