# Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 1-августундагы №453 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 1-августундагы №453 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 453
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4849/edition/539196/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 1-августундагы №453 буйругу (19.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22198

---

КР Премьер-министринин 2010-жылдын 19-февралындагы № 90 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК

2006-жылдын 1-августу № 453 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 1-ноябрындагы № 537 буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 116 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо министри;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;

- Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин социалдык маселелерди тейлөөчү орун басары;

- Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Товар өндүрүүчүлөрүнүн улуттук ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

- Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти (макулдашуу боюнча);

- Калкты социалдык жактан коргоо коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин жооптуу катчысы.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 12-июнундагы № 367 буйругу.

Премьер-министр

Ф.Кулов
