# Ноокат шаардык кеңешинин 2014-жылдын 28-октябрындагы № XVII-6 “Ноокат райондук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чындоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ноокат шаардык кеңешинин 2014-жылдын 28-октябрындагы № XVII-6 “Ноокат райондук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чындоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XVII-6
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221974>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19596/edition/604072/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ноокат шаардык кеңешинин 2014-жылдын 28-октябрындагы № XVII-6 “Ноокат райондук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чындоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” токтому (28.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221974

---

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын XVII-сессиясы

2014-жылдын 28-октябры № XVII-6 “Ноокат райондук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чындоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” Ноокат райондук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чындоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеөешинин “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2970-V токтомунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин заседаниясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат райондук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чындоого 20 000 (жыйырма мин) сом 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеөешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы

А.Гафаров
