Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ноокат шаардык кеңешинин “Ноокат райондук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чындоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын XVII-сессиясы
2014-жылдын 28-октябры № XVII-6 “Ноокат райондук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чындоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” Ноокат райондук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чындоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеөешинин “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2970-V токтомунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин заседаниясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чындоого 20 000 (жыйырма мин) сом 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеөешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы
А.Гафаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.