# Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 13-июлундагы №417 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 13-июлундагы №417 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 417
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4846/edition/299511/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 13-июлундагы №417 буйругу (13.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22195

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-июлу №417

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН

БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 3-

мартындагы № 147 буйругуна төмөнкүдөй езгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизилсин:

1. 1-пунктта:

- экинчи абзац "сатуу боюнча" деген сөздөрдөн мурда

"банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын,";

- бүткүл текст боюнча "Кристалл" акционердик коомунун

акцияларынын мамлекеттик пакети" деген сөздөр "жалпысынан

мүлктүк комплекс катары "Кристалл" акционердик коому

(ишканасы) деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. "Марка-Аудит" аудитордук-консалтинг фирмасынын 2003-

жылдын 20-апрелиндеги аныктамасына ылайык жалпысынан мүлктүк

комплекс катары "Кристалл" акционердик коомун (ишканасын)

баалоо наркы 176 143 000 (жүз жетимиш алты миллион жүз кырк

үч мињ) сом өлчөмүндө бекитилсин".

3. Буйруккатиркеменин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда

берилсин:

"1. Жалпысынан мүлктүк комплекс катары "Кристалл"

акционердик коомунун (ишканасынын) старттык баасы 5,0 млн.

АКШ доллары өлчөмүндө белгиленет".

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык

өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
