Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 13-июлу №417
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН
БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 3-
мартындагы № 147 буйругуна төмөнкүдөй езгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизилсин:
1. 1-пунктта:
- экинчи абзац "сатуу боюнча" деген сөздөрдөн мурда
"банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын,";
- бүткүл текст боюнча "Кристалл" акционердик коомунун
акцияларынын мамлекеттик пакети" деген сөздөр "жалпысынан
мүлктүк комплекс катары "Кристалл" акционердик коому
(ишканасы) деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. "Марка-Аудит" аудитордук-консалтинг фирмасынын 2003-
жылдын 20-апрелиндеги аныктамасына ылайык жалпысынан мүлктүк
комплекс катары "Кристалл" акционердик коомун (ишканасын)
баалоо наркы 176 143 000 (жүз жетимиш алты миллион жүз кырк
үч мињ) сом өлчөмүндө бекитилсин".
3. Буйруккатиркеменин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда
берилсин:
"1. Жалпысынан мүлктүк комплекс катары "Кристалл"
акционердик коомунун (ишканасынын) старттык баасы 5,0 млн.
АКШ доллары өлчөмүндө белгиленет".
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык
өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.