Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министрдин «КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-апрелиндеги № 150 „Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жөнүндө“ токтомуна тиркелген түшүндүрмөнү бекитүү тууралуу» буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 14-июлу N 155
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-апрелиндеги N
150 "Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкаларын
кайра кароо жөнүндө" токтомуна тиркелген түшүндүрмө бекитилсин.
2. Жогоруда аталган түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын тийиштүү ми-
нистрликтерине жана ведомстволоруна жиберилсин.
Премьер-министрдин
Аппарат жетекчиси-министр Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппарат жетекчисинин-министрдин
2006-жылдын 14-июлундагы N155
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
1-апрелиндеги N 150 "Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө
акциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жөнүндө" токтомуна
түшүндүрмө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-
циясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-апрелиндеги N
150 "Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкаларын
кайра кароо жөнүндө" токтомун колдонуу бөлүгүндө түшүндүрмө берүү туу-
ралуу кайрылуусун карап чыгып, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын нор-
мативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50
жана 53-статьяларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-
ринин Аппараты төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясына ылайык
өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн салык салуу чөйрөсүндө айрым
салыктардын жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдүн ставкаларын
өзгөртүү аркылуу убактылуу чараларды көрүүгө укуктуу жана ал жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине дароо билдириши керек.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган
статьясынын негизинде, тиешелүү ыкчам экономикалык чараларды көрүү за-
рылдыгына байланыштуу, экономикада мурда болжолдонбогон кырдаалдарды
турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
1-апрелиндеги N 150 "Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө акциз салыгы-
нын ставкаларын кайра кароо жөнүндө" токтомун кабыл алган.
Жогоруда аталган токтомдун 3-пунктунда бул токтом "2005-жылга Кыр-
гыз Республикасында юридикалык жана жеке жактар тарабынан өндүрүлүүчү
акциздик товарларга акциз салыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып күчүнө кирээри
белгиленген. Мында "2005-жылга Кыргыз Республикасында юридикалык жана
жеке жактар тарабынан өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын
базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-стать-
ясында бул Мыйзам менен бекитилген ставкалар акциз салыгынын 2006-жылга
карата ставкалары аныкталган тартипте кабыл алынганга чейин жарактуу
болоору белгиленген.
"Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасына алы-
нып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын
2006-жылга ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында юриди-
калык жактар жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасына алынып
келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын
2006-жылга карата ставкалары бекитилген.
Ушул мыйзамдын 2-статьясы менен акциздик салыкты төлөө тартиби жа-
на мөөнөтү Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык
аныкталаары белгиленген. Акциздик салыктын ставкалары ушул Мыйзам менен
белгиленет жана ал колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде өзгөртүлүүгө тийиш
эмес.
Бул учурда ушул Мыйзам менен сигареттердин маркаларынын тизмесин
бекитүү ички рыноктогу сигареттердин категорияларын өзгөртүүнү жана та-
меки буюмдардын жањы аталыштары үчүн категорияларды аныктоону иш
жүзүндө мүмкүн эмес кылат, бул легалдуу рыноктун өсүшүн кечењдетет.
Мындан тышкары бул Мыйзамдын редакциясында сигареттердин категорияларын
аныктоодо так эместиктерге жол берилген жана сигареттердин аталыштары-
нын бир тобу жок.
Мындай абалды чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын
3-апрелинде N 236 "Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Рес-
публикасына алынып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз
салыгынын 2006-жылга ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтом кабыл алган, ага ылайык акыркы
керектөөчүгө карата сигареттерди рынок баасына жараша категорияларга
таандык кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белги-
ленген тартипте аныкталат, ликер-арак ичимдиктерине акциз салыгынын
ставкасын кайра эсептөө спирттин көлөмдүк кармалышына жараша кайра
эсептелет, аталган Мыйзамдын 1-статьясынан сигареттердин маркалары алып
салынган.
Ошондуктан, Мыйзамга киргизилген жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр
жана толуктоолор күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 1-апрелиндеги N 150 "Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө
акциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жөнүндө" токтомун жетекчиликке
алуу зарыл.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005 жылдын 1-апрели, № 150 "Акциздик товарлардын айрым турлоруно акциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жонундо" токтомПостановление · 01.04.2005 · № 150 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактар тарабынан алынып келүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын 2005-жылга базалык ставкалары жөнөтүлсүнЗакон · 23.03.2005 · № 56 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги №236 "Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын…Постановление · 03.04.2006 · № 236 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О ставках акцизного налога на подакцизные товары, ввозимые и производимые юридическими и физическими лицами в Кыргызской Республике, на 2006 годЗакон · 31.12.2005 · № 189 · Күчүн жоготкон