Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талас шаардык кеңешинин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссияларына катталган талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талас шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 12-майы № 108/12-б “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссияларына катталган талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы №68 сандуу токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын таркатуунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жобосунун негизинде Талас шаардык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамын сактоо боюнча арыздары бар жарандардын жана саясый партиялардын тизмеси Талас шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын талапкерлери катары бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссиясына талапкерлердин курамын бекитүү жөнүндөгү Талас шаардык кенешинин кезексиз сессиясынын чечими, Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн
3. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана
КРнын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева.А.Ж.) милдеттендирилсин
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы
А.Джузупбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.