# Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 26-апрелиндеги № 264 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 26-апрелиндеги № 264 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 264
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4832/edition/544177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 26-апрелиндеги № 264 буйругу (20.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22180

---

КР Премьер-министринин 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 432 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2006-жылдын 26-апрели № 264 (КР Премьер-министринин 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 124 буйругунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн тиркелген регламенти бекитилсин.

(КР Премьер-министринин 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 124 буйругунун редакциясына ылайык)

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- бул Регламентти жетекчиликке жана аткарууга алышсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтиришсин;

- бул Регламенттин негизинде тиешелүү ведомстволук нускамаларды (регламенттерди) иштеп чыгышсын жана бекитишсин.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2001-жылдын 3-сентябрындагы № 699 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

(КР Премьер-министринин 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 124 буйругунун редакциясына ылайык)

Премьер-министри

Ф.Кулов
