# Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси-министрдин 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 81 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси-министрдин 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 81 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4830/edition/299488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси-министрдин 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 81 буйругу (25.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22178

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 25-апрелиндеги № 81

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН

АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРДИН

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 18-августундагы

№ 460 "Иштеген убакыт Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун

(областтык, Бишкек шаардык, райондук, шаардык соттордун, областтардын

жана Бишкек шаарынын арбитраждык сотторунун) судьясынын кызмат ордуна

кандидаттардын адистик боюнча стажысына эсептелчү кызмат орундарынын

Тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомун колдонуунун тартиби тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген түшүндүрмөсү бекитилсин.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администра-

циясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республи-

касынын тийиштүү министрликтерине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

Жетекчиси-министр Т.Коеналиев

Кыргыз Ресиубликасынын

Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин

2006-жылдын 25-апрелиндеги № 81

буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын

18-августундагы № 460 "Иштеген убакыт Кыргыз

Республикасынын жергиликтүү сотунун (областтык,

Бишкек шаардык, райондук, шаардык сотгордун, областтардын жана

Бишкек шаарынын арбитраждык сотгорунун) судьясынын кызмат ордуна

кандидачтардын адистик боюнча стажысына эсептелчү кызмат

орундарынын Тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомун колдонуунун

тартиби тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

түшүндүрмөсү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Конституциялык мыйзамлар,

мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, соттук-укуктук реформа жана адам

укугу боюнча комитетинин төрагасынып орун басары И.А.Масалиевдин

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 18-августундагы № 460

"Иштеген убакыт Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун (областтык,

Бишкек шаардык, райопдук, шаардык соттордун, областтардын жана Бишкек

шаарынын арбитраждык соттордун) судьясынын кызмат ордуна

кандидаттардын адистик боюнча стажысына эсептелчү кызмат орундарынын

Тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому боюнча түшүндүрмө беруү тууралуу

суроосун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

Аппараты "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнундө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50 жана 53-статьяларынын негизинде,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому

менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин "Өкмөт

тарабынан кабыл алынган чечимдерди чечмелөө (түшүндүрүү)" жөнүндө XI

главасынын 102-пунктуна ылайык төмөнкүдей түшүндүрмө берет.

"Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык облустук, Бишкек

шаардык, райондук, шаардык сотторго 65 жаштан улуу эмес, юридикалык

жогорку билимдүү жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар

Кыргыз Республикасынын жараны судья боло алат. Мында юридикалык

жогорку билимдин болушу милдеттүү түрдө талап кылынган кызмат

орундарда иштеген убакыт адистик боюнча иш стажга киргизилет. Мындай

кызмат орундардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 18-августундагы № 460

токтому менен бекитилген Иштеген убакыт Кыргыз Республикасынын

жергиликтүү сотунун (областтык, Бишкек шаардык, райондук, шаардык

соттордун, областтардын жана Бишкек шаарынын арбитраждык сотторунун)

судьясынын кызмат ордуна кандидаттардын адистик боюнча стажысына

эсептелчү кызмат орундарынын Тизмесине ылайык, юридикалык

кызматтардын, юридикалык жактардын кызматкерлери менчигинин формасына

карабастан жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна талапкер боло

алышат. Мында юридикалык жогорку билимдин болушу милдеттүү түрдө талап

кылынган кызмат орундарда иштеген убакыт адистик боюнча иш стажысына

киргизилет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 13-

ноябрындагы № 736 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана уюмдарынын

юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому мамлекеттик башкаруу органдарынын

жана уюмдарынын юридикалык кызматтарын уюштурууга жана алардын

иштешине карата бирдиктүу талаптар аныкталган.

Көрсөтүлгөн Жобонун 2 жана 3-пункттарына ылайык, мамлекеттик

башкаруу органдарында жана уюмдарында ишти мыйзам боюнча жүргүзүү үчүн

юридикалык кызматтар өз алдынча структуралык бөлүм катары түзүлөт жана

алар өз иштерин башка структуралык бөлүмдөр менен өз ара байланышта

жүргүзүшөт.

Ошентип, "юридикалык кызмат" деген түшүнүктү аныктоо үчүн Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 13-ноябрындагы № 736

"Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана уюмдарынын юридикалык кызматы

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна таянуу керек деп

эсептейбиз.
