# Жоош айылдык кеңешинин 2014-жылдын 23-августундагы № 10/2-14 “Жоош айыл өкмөтүнө караштуу орто жана толук эмес орто мектеп директорлорунун билдирүүсү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Жоош айылдык кеңешинин 2014-жылдын 23-августундагы № 10/2-14 “Жоош айыл өкмөтүнө караштуу орто жана толук эмес орто мектеп директорлорунун билдирүүсү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/2-14
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221662>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19286/edition/598495/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жоош айылдык кеңешинин 2014-жылдын 23-августундагы № 10/2-14 “Жоош айыл өкмөтүнө караштуу орто жана толук эмес орто мектеп директорлорунун билдирүүсү жөнүндө” токтому (23.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221662

---

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы

2014-жылдын 23-августу № 10/2-14 “Жоош айыл өкмөтүнө караштуу орто жана толук эмес орто мектеп директорлорунун билдирүүсү жөнүндө” Жоош айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин 2014-2015-окуу жылына карата ремонт иштерине республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын тартыштыгынан мектептердин ремонту толук аягына чыкпай келүүдө. Бул боюнча мектеп директорлорунун билдирүүсү айыл өкмөтүндө талкууланып, келип чыккан муктаждыктарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндөгү” токтомунун 2-главасында “Жергиликтүү бюджеттердин билим берүүнү каржылоого ыйгарым укуктарды чектөө жөнүндөгү” көрсөтүлгөн багытына ылайык, теңдештирүүчү гранттын эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү максатында Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин жаңы окуу жылына карата жүргүзүлүүчү ремонт иштерине республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын жетишпегендигине байланыштуу, республикалык бюджеттен чегерилүүчү теңдештирүүчү граттын эсебинен каржылануусу 182000 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бардык мектеп директорлорунун билдирүүсү ремонт иштерине керектелүүчү материалдардын сметасы менен биргеликте айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына тапшырылсын.

3. Керектелүүчү бухгалтериялык документтерди тактап, теңдештирүүчү гранттын эсебинен бөлүнүүчү акча каражатын берүү жагы Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Т.Кадырбековага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жоош айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы

К.Бердикулов
