# Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 2006-жылдын 20-февралындагы № 110 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 2006-жылдын 20-февралындагы № 110 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4817/edition/299468/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 2006-жылдын 20-февралындагы № 110 буйругу (22.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22165

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 20-февралындагы № 110

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасында маалыматташтырууну өнүктүрүү, бирдиктүү

республикалык маалыматтык мейкиндикти түзүү жана телекөрсөтүү, радио-

программаларынын республиканын аймагын толук камтышын андан ары кам-

сыздоо, цифралык телерадиоберүүлөргө өтүү, ошондой эле калктын

маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:

Мадумаров А.К. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри,

комиссиянын төрагасы,

Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана комму-

никациялар министри, комиссиянын төрагасынын

орун басары,

комиссия мүчөлөрү:

Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри,

Турдумамбетов Т.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү

башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин

төрагасы,

Малеваный А.И. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

кењешчиси,

Жолдошев Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

Аппаратынын курулуш, транспортту жана ком-

муникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы,

Молдокасымов К.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телера-

диокомпаниясынын башкы директору (макулдашуу

боюнча),

Мамбеталиев М.М. - "Кыргызтелеком" АК башкармасынын төрагасы

(макулдашуу боюнча),

Малеваная О.А. - "НТС" телерадиокомпаниясынын башкы директору

(макулдашуу боюнча),

Майчиев Ш.Ю. - медиа-өкүл (макулдашуу боюнча),

Сариева Э.К. - "Интерньюс" коомдук бирикмесинин аткаруучу

директору (макулдашуу боюнча),

Халдаров А.А. - "Пирамида" радиотехникалык борборунун дирек-

тору (макулдашуу боюнча),

Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

Аппаратынын маалыматтык аналитикалык иштер

жана коомдук байланыштар

боюнча башкармалыгынын "электрондук өкмөттү"

ишке киргизүү жана маалыматташтырууну өнүк-

түрүү боюнча секторунун башчысы, комиссиянын

катчысы.

2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:

- телерадиокомпаниянын менчигинин түрүнө карабастан теле- жана

радиопрограммаларды республика боюнча таркатуунун принциптерин жана

механизмдерин иштеп чыксын;

- калктын маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо кон-

цепциясын иштеп чыгуу зарылдыгын аныктасын;

- республиканын бүткүл аймагында цифралык телерадиоберүүлөргө

өтүү боюнча сунуш киргизсин;

- "Первый канал" (ОРТ), "Россия" (РТР) программаларын жана башка

телевизиондук программаларды берүүнү координациялоону ишке ашыруучу

мамлекеттик органды аныктасын.

3. бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык-аналитикалык иштер жана

коомдук байланыштар боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
