Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 августа 2008 года № 468 "О Совете по информационно-коммуникационным технологиям при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-08-22.
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 20-февралындагы № 110
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасында маалыматташтырууну өнүктүрүү, бирдиктүү
республикалык маалыматтык мейкиндикти түзүү жана телекөрсөтүү, радио-
программаларынын республиканын аймагын толук камтышын андан ары кам-
сыздоо, цифралык телерадиоберүүлөргө өтүү, ошондой эле калктын
маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Мадумаров А.К. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри,
комиссиянын төрагасы,
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана комму-
никациялар министри, комиссиянын төрагасынын
орун басары,
комиссия мүчөлөрү:
Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри,
Турдумамбетов Т.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин
төрагасы,
Малеваный А.И. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
кењешчиси,
Жолдошев Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппаратынын курулуш, транспортту жана ком-
муникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы,
Молдокасымов К.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телера-
диокомпаниясынын башкы директору (макулдашуу
боюнча),
Мамбеталиев М.М. - "Кыргызтелеком" АК башкармасынын төрагасы
(макулдашуу боюнча),
Малеваная О.А. - "НТС" телерадиокомпаниясынын башкы директору
(макулдашуу боюнча),
Майчиев Ш.Ю. - медиа-өкүл (макулдашуу боюнча),
Сариева Э.К. - "Интерньюс" коомдук бирикмесинин аткаруучу
директору (макулдашуу боюнча),
Халдаров А.А. - "Пирамида" радиотехникалык борборунун дирек-
тору (макулдашуу боюнча),
Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппаратынын маалыматтык аналитикалык иштер
жана коомдук байланыштар
боюнча башкармалыгынын "электрондук өкмөттү"
ишке киргизүү жана маалыматташтырууну өнүк-
түрүү боюнча секторунун башчысы, комиссиянын
катчысы.
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:
- телерадиокомпаниянын менчигинин түрүнө карабастан теле- жана
радиопрограммаларды республика боюнча таркатуунун принциптерин жана
механизмдерин иштеп чыксын;
- калктын маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо кон-
цепциясын иштеп чыгуу зарылдыгын аныктасын;
- республиканын бүткүл аймагында цифралык телерадиоберүүлөргө
өтүү боюнча сунуш киргизсин;
- "Первый канал" (ОРТ), "Россия" (РТР) программаларын жана башка
телевизиондук программаларды берүүнү координациялоону ишке ашыруучу
мамлекеттик органды аныктасын.
3. бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык-аналитикалык иштер жана
коомдук байланыштар боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.